Педофилдер мөөнөтүнөн мурда бошонуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашты

Президент Алмазбек Атамбаев педофилдердин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тыюу сала турган мыйзамга кол койду — өзгөртүүлөр Кылмыш кодексинин 69-беренесине киргизилди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, ошондой эле 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн жыныстык эркиндигине каршы жасаган кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн эскириши көбөйтүлөт.

«Эрезеге жете элек өспүрүмдөрдүн кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамдардын эскирүү мөөнөтүнүн аякташын 15 жыл деп белгилөө сунушталып жатат», — деп жазылган президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.