Өзбек тектүүлөр тойлордогу ысырапкерчиликти кыскартууда

Ошто өзбек тектүү калк өкүлдөрү ысырапкерчиликти азайтуу максатында исламдык той өткөрүүдө. Бул боюнча жер-жерлерде аксакалдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Анткен менен, исламдык тойду бет кап катары пайдаланып жатышат дегендер да бар.

Ош шаарындагы Мажрүм-Тал көчөсүнүн жашоочусу Нилюфар Шарипова  өз көчөсүндө  тойлордогу ысырапкерчиликтин жоюлганын айтат. Ал айрыкча күйөө балага тамак-аш ташуу салты жеңилдегенин кубаттайт.

Нилюфар Шарипова
Нилюфар Шарипова

«Биздин аймакта тойлорго кетчү  чыгымдарды азайтышты. Мисалы: мазар деп коебуз, бул күйөө баланы 40 күн багуу деген. Мурун 40 күн баксак, азыр 10-15 күн болуп калды. Тойлорубуз да мусулманча болуп, тынч эле өтүп жатат. Жети айылга угузуп даңгыр-дуңгур кылып  эмне кылабыз?»,- дейт Нилюфар айым.

Хайрохон Юлдашова
Хайрохон Юлдашова

Хайрохон Юлдашова да бул демилгени кубаттагандардын катарында. Анткен менен, күчү  жеткендер ресторанга өткөзүп жатканын да айтып өттү.

«Бизде той жакшы, өткөргөнгө да жеңил болуп калды. Баштагыдай керней-сурнайлар деле жок. Биздин тоюбуз түшкө чейин гана болот. Кечкисин болбойт. Бирок алы жеткендер ресторандарга өткөзүп жатышат. Исламдык той өткөрсө 100 миң сомдой, ал эми шаан-шөкөт менен өткөрсө 250-300 миң сомдун тегерегинде акча кетет»,- деди Хайрохон.

Оштогу Ак-Буура аймактык кеңешинин №1 кварталдык комитеттин төрөгасы Бахадыр Ахмедов  тойлор ичкиликсиз,  ырчы-чоорчуларсыз өтүп жаткандыгын баса белгиледи.

Бахадыр Ахмедов
Бахадыр Ахмедов

«Биздин аймакта ЗАГСка чыгууга 3-4 машинадан ашпайт. Тойлорду дагы аксакалдар менен келишип, ызы-чуусуз колу-коңшу, тууган-урук менен чакан кылып өткөзүп жатабыз. Эркек бала, Куранда жазылгандай, 25 жашта толук жетилип, финансылык жактан  көз карандысыз болгондо гана үйлөнүүгө уруксат берилет. Биз дагы ушул нерсеге басым жасап жатабыз»,-дейт Мажрүм-Тал көчөсүнүн эл башчысы Бахадыр мырза.

Өзбек тектүүлөр тойлордогу ысыракерчиликти азайтуу максатында  аксакалдар кеңеши аркылуу иш алып барууда. Аксакалдар бул боюнча жергиликтүү элге түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүүдө.

Ал эми Ак-Буура аймактык кеңешинин төрөгасы Мухаммедамин Исмаилов азыркы жаштарга нааразы. Исламдык той өткөрөбүз дешип, аны бет кап катары пайдаланып, өздөрү билип жаткандарын айтат.

Мухаммедамин Исмаилов
Мухаммедамин Исмаилов

«Бүгүнкү күндө бир тойду өткөрүү үчүн канчалаган чыгымдар кетип жатат. Балдар ойлобойт экен да, ата-энем каяктан акча таап жатат деп. Бизде ысырапкерчиликти алдын алуу максатында аксакалдар кеңеши иш алып барышууда. Азыр тойлордун көпчүлүгү эрте менен эл көзүнө исламдык болгону менен, аягы баштагыдай эле болуп жатат. Исламдык той болгондон кийин, анын жол-жоболоруна ылайык келиш керек да»,- дейт М.Исмаилов.

Ош шаарында 11 аймактык кеңеш бар. Шаар калкы бейрасмий маалыматтар боюнча жарым миллионго чамалайт. Өзбек тектүүлөр калктын дээрлик жарымын түзөт.

Автор:  Адашгүл Акматова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат  Газиева