Качкындар боюнча комиссариат өзгөчө кырдаалдар үчүн кам көрдү

Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариаты Өзгөчө кырдаалдар министерлигине жалпы суммасы 416 миң АКШ долларына барабар турмуштук зарыл буюмдарды тапшырды.

Анда 22 миң даана жууркан, 15 миң даана суу куюучу идиш, 9 миң жатак килемдер, 5 миң даана ашкана идиштери, 3 миң чака, 700 чатыр, 600 пластик кагаздарды жана 5 генератор берилген.

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын өкүлү Йоханн Сиффоант бул техникалык жардам чукул кырдаалдардын алдын алууга көмөктөшө турганын белгиледи.

Расмий жолугушуу учурунан
Расмий жолугушуу учурунан

Кыргызстан - географиялык түзүлүшү боюнча сейсмикалык зонада жайгашкан тоолуу ландшафт. Эл табият кырсыктарынан көбүнчө жабыр тартат. Жер титирөө, сел жана көчкү адам өмүрүнө жана өлкөнүн экономикасына чоң зыян келтирет. Кыргызстанда жылына 3 миңге жакын серпилүүлөр жана 11-12 катуу жер титирөөлөр, жүздөгөн жер көчкүлөр болот.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурдин Абдылдаев министрлик менен качкындар комиссариаты эки жылдан бери биргелешип иш жүргүзүп келатканын белгиледи.

Буга чейин да БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариаты ӨКМге гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келген.

Автор: Жумагүл Нурмаматова

Сүрөттөр БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариатыныкы

Редактор: Гүлзат Газиева