Минералдарды «мыйзамсыз» чыгаруу аракети үчүн Кытайдын үч жараны кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 12 тонна сурьма концентраты менен Кытайдын үч жараны кармалды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар Кытайга «мыйзамсыз» алып кетүү үчүн минералдарды дардашкан.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү «мыйзамсыз ишкерлик» үчүн кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүүдө.