Мурунку орусиялык футболчу кыргызстандыкты өлтүргөнүн мойнуна алды

Кыргызстандык Атайбек Майлибаевди өлтүрүүгө айыпталып жаткан Москванын «Торпедо» клубунун мурунку оюнчусу Михаил Рекуданов соттук отурумдун жүрүшүндө күнөөсүн мойнуна алды.

Михаил Рекуданов Атайбек Майлибаевди өлтүргөнүн 5-ноябрда, прокурор тарабынан Москванын Люблинск райондук сотундагы айыптоо тыянагы окуулары менен мойнуна алды.

«Аны менен катар соттолгон адам ал кылмышка өзүнүн коопсуздугу үчүн баргандыгын билдирди», — деп жазган РИА «Новости».

Орусиянын Москва шаары боюнча тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Рекуданов менен Майлибаев 23-май күнү уруша кетишкен, анын жүрүшүндө футболчу кыргызстандыкты 4 жолу бычак менен сайган, жыйынтыгында ал дароо көз жумган.

«Алган жарааттарынан улам жабырлануучу дароо көз жумган, а Рекуданов качып кеткен. Кийинчерээк ал ММКлар аркылуу издөөдө жүргөнүн угуп милицияга өз эрки менен багынып берген», — деп жазылган тергөө комитетинин сайтында.

Майлибаевдин өлүмүнөн кийин социалдык түйүндөрдө орусиялык футболчуну колдоо боюнча акциялар пайда болгон. Мындан улам Майлибаевдин туугандары Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аркылуу тергөөнү объективдүү жүргүзүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Автор: Алексей Ким