Депутат Скрипкина жалган маалымат үчүн жаза колдонуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайра чакырып алат

Парламенттик КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина жалган маалымат таратуу үчүн жаза колдонуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайрадан чакырып алат — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Парламенттеги социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков мыйзам долбоорун кайрадан чакырып алууга партия жалган маалымат үчүн жаза колдонууну жактыргандыгына карата коомчулуктун реакциясы себеп болгондугун айтты.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун чакыртылып алынышына жалган маалымат үчүн журналисттерди куугунтуктоого фракция лидеринин каршы болгондугу да себеп болгон.

«Мен бүгүн биздин депутаттар менен, анын ичинде Галина Анатольевна [Скрипкина] менен да сүйлөштүм. Негизинен алар сөз эркиндиги үчүн. Бүгүнкү күндө баарынан да социал-демократтарды, алар менен бирге мени да таарынтып жатышат. Бирок ага карабастан биз журналисттер тараптабыз», — деди КСДП фракциясынын лидери.

Турсунбеков мыйзам долбоору фракция жыйынында каралып жатканда ал иш сапары менен жүргөндүктөн кесиптештери менен бул жөнүндө буга чейин сүйлөшө албагандыгын айтып түшүндүрдү.

«Конституцияга каршы келет»

Скрипкинанын мыйзам долбоору укук коргоочулар тараптан терс кабыл алынып, көпчүлүктүн сынына кабылган — «Медиа Полис Институту» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы чыгып, ал Кыргызстандын Конституциясынын 33-беренесине каршы келээрин билдиришкен.

Ал беренеде «инсандын ар намысын кордогон же каралаган маалыматты тараткандыгы үчүн эч ким кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керектиги» жазылган.

Укук коргоочулар Скрипканын идеясын 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынганга чейин иштеп келген ушак айтуу үчүн жазага тартуу учуруна кайтып баруу менен салыштырып жатышат.

«Чынында ушак айтуу беренеси жабырлануучу тараптын арызы жок эле укук коргоо органдарынын журналисттерге каршы кылмыш иштерин козгоосуна мүмкүндүк берген», — деп жазылган укук коргоочулардын кайрылуусунда.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында мамлекеттик органдардын жалган маалыматтарды текшерүүсүнө убакыт коротпоо максатында андай маалымат тараткандыгы үчүн жаза колдонуу киргизилиши керектиги жазылган.

«Жалган маалымат таратуу боюнча көп эле жолу кылмыш иштери козголуп, көп эмгекти жана акчаны талап кыла турган жарандарга карата процессуалдык кыстоо чаралары, сурактар колдонулган тергөө иштери жүргүзүлүп турат», — деп жазылгандокументте.

Автор: Александра Ли