Парламент комитети аскер полициясын түзүү демилгесин жактырды

5-ноябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети аскер кылмыштарын иликтөө менен алектене турган орган түзүү демилгесин жактырды.

Мыйзам долбоорун социал-демократ депутат Исмаил Исаков демилгелеп чыккан — анын айтымында, жаңы полиция органын түзүү аскердик кылмыштардын сапаттуу иликтенишин камсыз кылат жана бюджеттин чыгымдарын азайтат.

«Аскер полициясы институтун киргизүүдө бюджеттин чыгымдары кыйла эле азаят, анткени аскер прокурорлорунун саны да аз болуп калат», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы Исаковдун айткандарын.

Анын бул идеясын реформаны ишке ашыруу зарылчылыгын белгилеген депутат Мыктыбек Абдылдаев да колдоду.

«Аскер полициясын түзүү демилгеси 15 жыл мурун талкууланган. Анда өкмөттүн токтомун да кабыл алышкан болчу. Бирок ал комплекстүү түрдө каралбагандыктан демилгелердин бардыгы тең кагаз жүзүндө гана калып калган», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги депутаттын айткандарын.