АКШнын элчилиги Бишкектеги жол кырсыгындагы кызматкеринин күнөөсүн моюндады

АКШнын элчисинин орун басары Кыргызстандын ТИМинин өкүлдөрү менен болгон жолугушусунда алардын кызматкеринин унаасы Бишкектеги жол кырсыгына катышканын мойнуна алып,  абалды жөнгө салуу убадасын берди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен АКШнын элчисинин орун басары Лаура Грисмердин ортосундагы жолугушуу америкалык дипломатиялык унаанын катышуусундагы кырсыктын эртеси болду.

Грисмер окуя болгондугу фактысын мойнуна алып, министрликтин өкүлдөрүнө АКШнын элчилиги учурда кырдаалды жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатканын жана ал кырсык боюнча кийинчерээк расмий түрдө билдирээрин айтып, ынандырды.

Өз кезегинде ТИМдин өкүлдөрү элчиликтин унаасынын айдоочусу кырсыктын башка  катышуучулары менен териштирүү аяктай электе эле кетип калганына көңүл бурушту.

ТИМ өзүнүн пресс-релизинде Дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясына таянуу менен чет элдик дипломаттар иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сыйлашы керектигин билдиришкен.

Тышкы иштер министрлиги АКШ элчилигинин кызматкери катышкан жол кырсыгын — Кыргызстандын жарандарынын саламаттыктарына зыян келтирген жол кыймылынын эрежелеринин «одоно» бузулушу деп атады.

АКШнын элчилиги азырынча бул боюнча кененирээк маалымат бере элек.

«Биз азыр АКШ элчилигинин унаасынын катышуусундагы жол кырсыгын иликтеп жатабыз», —деди басма сөз кызматынын өкүлү Кыялбек Токсонбаев Kloop.kgнин журналисттерине.

Кырсык Бишкекте 5-ноябрь күнү кечинде болгон — ал YouTube сервисинин колдонуучуларынын бири тарабынан видеого тартылып алынган:

Автор: Нурмухаммед Атамбаев