Бишкек: Шайлоочулардын добушун сатып алгандыгы үчүн шаардык кеңештин депутаты мандатынан ажырайт

«Республика» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты шайлоо маалында шайлоочулардын добуштарын сатып алгандыгы үчүн мандатынан ажырайтбул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасы билдирди.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Үмүткан Тыналиева «пара берүүгө» жана «шайлоочулардын добушун сатып алууга» күнөөлүү деп табылды — Бишкек прокуратурасы аны депутаттык ыйгарым укугунан ажыратууга милдеттендирди.

Ал ошондой эле 150 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөшү керек.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Тыналиева 2012-жылдын 25-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо «Республика» партиясынын көп добуш алуусу үчүн жалпысынан 90 миң сом берип, Бишкектин үч мектебинин директорун сатып алган.

Комментарий алуу үчүн Тыналиеванын өзү жеткиликсиз болууда.

Буга чейин шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча «Республика» партиясынын дагы бир мүчөсү Наргиза Ажибаева да сот жообуна тартылган. Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо «карусель» ыкмасын уюштурган деп шектелген. Бирок 2013-жылдын 3-майында Ленин райондук соту аны күнөөсүз деп тапкан.

Автор: Эльдияр Арыкбаев