Бишкек: Жүк ташуучу унаа менен кичи автобус сүзүшүп, бир адам каза болду

Кичи автобус менен жүк ташуучу унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан бир аял каза болуп, дагы үчөө ооруканага жеткирилди — бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык 6-ноябрь күнү Жибек-Жолу жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде болгон, деди Жол кайгуул кызматынын өкүлү Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде.

«Кичи автобустун жүргүнчүсү дароо эле каза болгон. Айдоочусу менен дагы эки жүргүнчүсү түрдүү жарааттары менен №4 шаардык ооруканага жетирилди», — деди Жол кайгуул кызматынын өкүлү.

КАМАЗдын айдоочусу Фучик көчөсү менен түштүктү көздөй баратып Жибек-Жолуна бурулуп жатканда кичи автобус менен сүзүшкөн.

Сокку өтө катуу болгондуктан кичи автобустун жүргүнчүсү алдыңкы айнектен чыгып кетип дароо көз жумган, деп жазды АКИпресс маалымат агенттиги.

Оторовдун айтымында, учурда кырсыктын күнөөкөрүн аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

«Материалдар чогултулуп андан ары териштирүү үчүн ШИИБинин тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү», — деди ал.

Автор: Алексей Ким