Дунган улутундагы айдоочуларга кол салуу «Дордойдогу» бааларга таасирин тийгизди

Кыргызстандагы эң ири «Дордой» базарындагы баалар Нарын облусунда жүк ташуу унааларынын дунган улутундагы айдоочуларына бир нече жолу кол салуу болгондон кийин жогорулады — бүгүнкү күндө кыргыз-кытай каттамында жүк ташуучулардын төрттөн бири гана иштеп жатат.

Базар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Kloop.kgге берген маегинде 8-октябрда дунган айдоочуларынын Нарын облусунда массалык сабалышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жүк ташууга терс таасирин тийгизгенин билдирди.

Анын маалыматы боюнча, ал окуядан кийин Кытайдан дайыма жүк ташып келген айдоочулардын саны дароо төрт эсеге — 600дөн 150гө чейин азайган.

«Ал жакта мушташ болгондуктан калган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары каттамга чыгуудан коркуп жатышат. Тилекке каршы азырынча ал чыр укуктук талаада аягына чыга элек», — деди ассоциация башчысы.

Анын айтымында, бул Кытайдан келген товарларды сатууга багытталган Борбордук Азиядагы «Дордой» ири базарындагы баалардын жогорулоосуна алып келген.

«Товарлардын баалары алардын оор же жеңил экендигине жараша жогорулады. Алсак, кышкы бут кийим 1000 сомго кымбаттады. Ошондой эле жеңил товарлар бар, алар 25 пайызга кымбаттады», — деди Пономарев.

Ал азыр жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын көбү жумушка чыкпай жаткандыктан кээ бир сатуучулар товарларын ала албай аткандыктарын кошумчалады.

«Товарларын дагы деле ала элек сатуучулар бар. Бул жерде сатуучулар ал товарларын кымбатыраак сата алышабы же жокпу деген көйгөй эмес, мындагы негизги көйгөй соодагерлер жок дегенде акчаларын кайтарып алуу үчүн арзан болсо да сатып өткөрө алышабы дегенде турат», — дейт Пономарев.

Массалык мушташуу

Оор жүк ташуучу унаалардын дунган улутундагы айдоочуларын массалык түрдө сабоо 8-октябрь күнү Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктундагы кезек күтүү маалында болгон.

Азыркыга чейин ал сабалган айдоочулардын бирөөсү гана окуя кандай болгондугу жөнүндө айтып берүүгө макул болгон.

Ал чыныгы аты-жөнүн билдирбөө өтүнүчү менен өткөн аптада Kloop.kgге маек куруп, кыргыз-кытай чек арасындагы кезек күтүү маалында 80 дунган улутундагы айдоочу атайын алдын-ала даярдалган 200дөн ашык кишиден турган топ тарабынан сабалгандыгын билдирген.

Окуя Кыргызстандын аймагында болгон — анда айдоочулардын бири дагы Кытайдын чек арасына жете алган эмес.

Айдоочунун айтымында, мушташ маалында милиция менен бажы кызматкерлери аны токтотуу үчүн «эч нерсе кыла алышкан эмес».

21-октябрда, дунган улутундагы айдоочулар Нарын облусу аркылуу кайрадан Кытайга өтүүгө аракет кылышкан, бирок Нарын шаарынан аларга дагы бир жолу кол салуу болгон.

Таасир этүү үчүн күрөш

Буга чейин окуянын эң белгилүү версиясы катары Кытайдан жүк ташып келүү тармагына таасир этүү үчүн болгон күрөш айтылып келген. Бул бизнесте дунган улутундагы ишкерлердин таасири чоң болгон — чырлашып жаткан тараптар буга улуттар аралык сценарийди аралаштырып жиберишкен.

Бийликтегилер ал мушташта улуттар аралык кастыктын элементтери болгондугун четке кагып жатышат, бирок ИИМден абалды жөнгө салуу үчүн өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдиришти.

«Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, аяктай элек», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде.

Парламент депутаты жана өлкөдөгү дунган коомчулугунун башчысы Бахадыр Сулайманов 27-октябрда бийлик өкүлдөрү менен дунган улутундагы айдоочуларды чогултуп жыйын өткөрүүгө аракет кылган, бирок айтымында, жолугушууга депутат Асия Сасыкбаева экөө жана бажы кызматынын бир нече өкүлү гана келгендиктен ал жыйын үзгүлтүккө учураган.

Ал ортодо Пономарев жүк ташуучу айдоочулардын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам Казакстандын товарларды дүңүнөн алып кеткен соодагерлери Кыргызстанга келбей калышы мүмкүн деп кооптонууда.

«Бизге Казакстандан келип жаткан максаттуу соодагерлер келбей калышат. Бул жактагы баалар Алма-Атадагы баалар менен тең болуп калса эмнеге келмек эле? Маанисиз болуп калат», — деп кооптонууда Пономарев.

Автор: Алексей Ким