Күзгү түшүм жарманкеси өттү

Ош шаарында күзгү түшүм жарманкеси өттү. Ага облустун 7 районунан дыйкандар өндүргөн азык-түлүктөрүн алып чыкты. «Жылдын мыктылары» тандалды.

15-ноябрдагы айыл чарба жана кайра иштетүү кызматкерлеринин күнүнө карата Ошто «Алтын күз - түшүм майрамы» өттү. Ош облусунун бардык райондору түшүмдөрүн алып келип, жарманкеге койду.

Азык-түлүктөрдүн баасы базар наркынан арзан коюлганын Ош шаарынын мэриясынын өнөр жай жана ишмердүүлүктү өнүктүрүу башкармалыгын башчысы Алик Мырзалиев билдирди.

Алик Мырзалиев
Алик Мырзалиев

«Жарманкени Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлчүлүгү уюштурду. Максаты - табигый таза продукцияны арзан баада шаар тургундарына сунуштоо. Кышка камдап алуусуна шарт түзүп берүү. Азыктардын баасын базар наркынан 5-10 сомго дейре арзан коюп берип жатабыз»,-деди А.Мырзалиев.

Жарманкенин  жылдагыдан артыкчылыгы – азык-түлүктүн түрүнүн көптүгү болгонун белгиледи Алик мырза.

Ноокат районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Амиркан Турдубеков Ноокат районунда түшүм мол болуп, алма ширесин өндүрүүчү цех иштеп жатканын белгиледи.

Амиркан Турдубеков
Амиркан Турдубеков

«Биз картошка, алма, жер-жемиштерибиз менен келгенбиз. Түшүм жакшы болду. Мурунку жылы алма ширесин өндүрүүчү цех ачканбыз. Мындай нерсе Ысык-Көл, Жалал-Абадда жана бизде бар. Былтыр 250 тонна, быйыл 600 тонна алма ширесин өндүрүп чыгардык. Аны Германияга экспорттоп жатабыз»,-дейт ал.

Ноокат районунда тамеки да өндүрүлөт. Тамекинин баасы арзан болуп, көпчүлүк учурда чыгымды актабай каларын кошумчалады А.Турдубеков.

212

Жарманкеге «Таттуу нан» аталыш менен Өзгөн районунан келген Шайыр Сайдиева нанды үй-бүлөсү менен жабаарын айтты.

Шайыр Сайдиева
Шайыр Сайдиева

«Биздин Мырзаке айылында навайкана, нан бышырчу ишкана бар. Бул алып келген нандын түрүн үй-бүлөбүз жана иштегендер менен жасадык»,-дейт Ш.Сайдиева.

Алай району мал менен алектенгендиктен, жарманкеге кой, топоздун эттерин алып келишкен. Эттин баасы базар наркынан кыйла арзан коюлганын «Устаз» дыйкан-чарбачылыгынын жетекчиси Талант Кыдыркулов айтты.

Талант Кыдыркулов
Талант Кыдыркулов

«Айыл өкмөттөн фермерлерге жарыя айтылган. Фемерлер сатыла турган малын союп алып келишти»,-деди Талант мырза.

Ош шаарынын тургуну Бактыгүл Салимуратова жыл сайын күз жарманкесине келет. Айтымында, мындагы азык-оокаттар базар баасынан кыйла арзан болот.

Бактыгүл Салимуратова
Бактыгүл Салимуратова

«Базарда табигый таза болбошу мүмкүн. Азыр мөмө-жемиштер сырттан келип жатат го. Жарманкеден каалаган нерсеңди арзан баада ала аласың»,-дейт Бактыгүл.

Жарманкеге жашылча-жемиштен баштап улуттук кийим, даамдарга чейин коюлган. Шаар жашоочу Чолпон Эсеналиева жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарлары сатыкка чыгарылганын айтты.

«Бул жерде мен билбеген, базардан таппаган нерселерди көрдүм. Өзүм Аравандан болом. Талкан чыгаарын билчү эмесмин. Улуттук тамагыбызды даамдуу кылып чыгарып жатышыптыр. Анан да, базарда Өзгөн гүрүчү 140 сом болсо, бул жерде 100дөн сатылып жатат»,-деди ал.

Жарманкенин жыйынтыгында жылдын мыктылары аныкталгандыгын Өкмөттүн Ош областы боюнча ыйгарым өкүлчүлүгүнүн  аппаратынын башкы адиси Сайпидин Момунов.

Сайпидин Момунов
Сайпидин Момунов

«Бул жерге облусубуздун 7 районунан 91 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты. «Мыкты дыйкан», «Мыкты фермер», «Мыкты кызмат көрсөтүүчү-2013» номинациялары тапшырылды»,-деди С. Момунов.

Күзгү түшүм жарманкеси жылда жер-жерлерде уюштурулат.

Автор: Динара Жеңишбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева