Окуучуларга жол акы 5 сомбу?

Ош шаарынын тургундары коомдук транспортто элди тейлөөнү жакшыртууну каалашат. Окуучулардан 5 сомдон жол акы алынып жатканын айтышат өспүрүмдөр.

Айгүл Өмүрбек кызынын эрте менен маршруткага батпай калган учурлары көп болот. Ошондуктан  көбүнчө окуусуна кечигет. Университетке кечикпей баруу үчүн айрым күндөрү такси менен кетет. Айгүл коомдук транспорт тез-тез каттаса, же такси арзаныраак болсо жакшы болорун  айтат.

Айгүл Өмүрбек кызы
Айгүл Өмүрбек кызы

«Эрте мененки саат 7:15те жолго чыксаң, коомдук транспортко чыгууга мүмкүн болбой калат. Айдоочулар элдин коопсуздугун сактоо керек да. Кээ бир транспорттун ичинде атайын кармоочу туткалары сынып калгандыгын көрөбүз. Автоунаада бара жаткан адамдар ары түртүлүп, бери түртүлүп барат. Эгер кокустук болуп кетсе, ким жоопко тартылат?»,-деп нааразычылыгын билдирет Ош технологиялык университетинин студенти Айгүл.

Ош шаарында №2-5-12-каттамдарда чоң автобусдар жүрөт. Мына ушундай транспорттор айылдарга да каттаса жакшы болорун айтат Төлөйкөн айылынын тургуну Насипа Насиридинова.

Насипа Насиридинова
Насипа Насиридинова

«Жолдогу автоунаа тыгынынан барчу жайыңа аябай кеч жетесиң. Айылдагы   аялдамаларда маршрутканы көпкө күтүп каласың. Анысы аз болгонсуп, араң батып кетесиң»,-дейт Насипа айым.

Эртең менен адамдардын басымдуу бөлүгү жолго чыгат. Жумушчулар ишине, студенттер окуусуна барат.

Ош шаарынын жүрүнчүлөрдү ташуу агенттигинин мүдүрүнүн орун басары Кубанычбек  Токтомаматов белгилегендей, ошон үчүн кичи автобусдарда тыгын болот. Бирок ушул убактарда маршруттардын жүрүү интервалын кыскартып, жүргүнчүлөрдү өз убагында жеткизүүгө аракет кылып жатышарын билдирди.

Кубанычбек  Токтомаматов
Кубанычбек Токтомаматов

«Ош шаарындыгы  борбордук көчөлөрдө жүрүүчү маршруттук каттамдар   2 жана 3 мүнөттүк интервал боюнча жүрөт. Ал эми шаар четиндеги аймактарда 10 жана 15 мүнөттүк аралык менен каттайт.  Шаар ичинде маршруттук каттамдар жетишерлик санда. Бирок айылдарда андай эмес. Себеби, айдоочулар айыл четине каттоого кызыгышпайт.   Айылдардан каттаган жүргүнчүлөр аз. Айдоочулардын тапкан акчасы акталбай калат»,-дейт К.Токтомаматов.

Талапка жооп бербегендиги үчүн эки айдоочу иштен кеткендиги, алтооно катуу эскертүүлөр берилгендигин кошумчалады ал.

«Маршруттардын санитардык абалы тез-тез текшерилип турат. Автоунааларын оңдоп-түзөө айдоочулардын өз  мойнунда. Азыр мурункуга салыштырмалуу маршруткаларын жаңылашкан жана кээ бири «Спринтерлер» менен жүрүшөт»,- дейт  Кубанычбек мырза.

Эртең менен жана кечкисин маршруттардын интервалы жетишерлик кыскарарын  билдирди №127 каттамдын диспетчери Дөөлат Жунусов.

Дөөлат Жунусов
Дөөлат Жунусов

«Биз башка каттамдарга салыштырмалуу бат-бат каттайбыз. Өткөн жылы бизге «Мыкты маршруттук каттам» деген наам берилген»,-дейт Дөөлат мырза.

Мектеп окуучулары  болсо, айдоочулардын корс мамилесине нааразы. Көпчүлүк айдоочулар окуучулардан жол акы үчүн 3 сом же 5 сом бергиле деп талап кыларын айтат 11-класстын окуучусу Назгүл  Орзиева.

«Маршруттун айдоочулары автоунаага адам чыгууга мүмкүн болбой калса да ала беришет. Адамдар «бул эмнеси?» десе, «биз жүргүнчүлөрдүн баарын алып, барчу жерине жеткиришибиз керек» дешет. Анысы аз келгенсип, окуучуларга копол мамиле кылышат. Ошонун натыйжасында жүрүнчүлөрдөн жаман сөз угушат»,-дейт Назгүл.

Өткөн айда Ош шаардык кеңешинин токтому менен кичи автобустарда жол акы 10 сом болуп көтөрүлдү. Мектеп окуучулары үчүн акы өзгөргөн жок, сабак мезгилинде 1 сом боюнча эле калды. Бирок айрым айдоочулар бул токтомду өз алдынча өзгөртүп алгандыгын билдирет Ош шаарынын тургуну Гүлзат Нурмаматова.

«Чоңдорго жол акы 10 сом болуп жогоруласа, окуучулар үчүн да көтөрүп, 5 сомдон алып жатышат. Аларды кичине деп алдай беришеби? Айдоочулар бир аз адилеттүүрөөк болсо»,-деген пикирин билдирди Гүлзат айым.

Окуучулар үчүн жол акыны  1 сомдон эле алуу керектигин айтат айдоочу Тилек Жаанбаев.

«Балдардан жол акыны 10 сомдон алсак, ата-энелери кыйналып калат. Чоңураак окуучулар күбөлүгүн көрсөтүүсү керек. Себеби,  кээ бир студенттер окуучумун деп 1 сом берип түшүп кетишет»,-дейт транспорт кызматкери.

Ош шаары боюнча 53 маршруттук каттам бар. Анда 60тай автобус, 950 кичи маршрут элди тейлейт. Шаар калкынын саны расмий маалыматтар боюнча 250 миңден ашат деп айтылат. Шаарга дагы 11 айыл-кыштак карайт. Алар менен кошулуп, Ош шаарында жарым миллионго чамалайт.

Автор: Жумагүл Нурмаматова

Сүрөттөрү автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева