Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы Бишкекте 700дөн ашык коомдук тамактануу жайын убактылуу жапты

Бишкектеги коомдук тамактануу жайларындагы санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүдөн кийин алардын 700дөн ашыгы жабылды, алардын ичинде «биротоло» жабылгандарынын саны 65ти түздү — бул тууралуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчилиги билдирди.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын гигиена бөлүмүнүн санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева санитардык эрежелердин бузулушун жойгонго чейин 700дөн ашык кафе, ресторан, тез тамактануу жайлары жана ашканалар убактылуу жабылганын билдирди.

Жалпысынан санитардык көзөмөл кызматы Бишкекте санитардык нормаларга жооп бербеген 500 коомдук тамактануу жайын айып катары дээрлик 1 миллион сом төлөткөн.

Башкы санитардык дарыгер Төлө Исаковдун айтымында, суу түтүктөрү менен канализациянын жоктугу сыяктуу негизги эреже бузуулар көбүнчө борбордун базарларындагы тамактануучу жайларда аныкталган.

«Кардарлары өтө көп, сыягы алар ошондуктан санитария менен гигиенаны сактоого жетишпей калып жатышкандыр. Ишкерлер эрежелерди сактоого караганда көбүрөөк пайда табууга кызыкдар», — деп билдирди Исаков.

Кыргызстандын масштабында Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 2000дей тамактануу жайын убактылуу, а 100дөн ашыгын биротоло жапкан.

Аны менен катар жумушка орношууда медициналык кароодон өтпөгөндүгү үчүн 3000ден ашык адам жумуштарынан алынган.

«Мына 3051 киши медициналык кароодон өтпөй туруп эле иштеп атышкан, алардын ичинде сифилис, кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга шектелгендердин бар экендиги белгилүү болду», — деди Исаков.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы тарабынан текшерүүлөр үстүбүздөгү жылдын сентябрында Бишкектеги «Мадина» жана «Енисей» кафелеринде массалык уулануу болгондон кийин башталган.

Автор: Тилек Бейшеналиев