Видео: Орусиялыктарды өлтүрүүгө айыпталып жаткан адамдын көрсөтмөсү

ИИМ Орусиянын аймагында адам өлтүргөн деп айыпталып жаткан кыргызстандыктын күнөөсүн мойнуна алып, окуянын кандай болгондугу жөнүндө айтып берип жаткандыгы тартылып алынган видеону таратты.

Рустам Холматов 2013-жылдын январында Орусиянын Москва облусундагы Мытищи шаарында эки адамды өлтүргөн деп айыпталып жатат — тергөөнүн версиясы боюнча, ал кылмышка талап-тоноо максатында барган.

«Шектүү адам байкалбай жашырынган болушу мүмкүн, изин жашыруу жана тергөөнү адаштыруу максатында ал поедге да, учакка да билет сатып алган. Аны аэропорт менен бекеттерде издеп жаткан маалда ал мекенине Орусиянын башка шаары аркылуу учуп кеткен», — деп билдирүүдө Кыргызстандын Ички иштер министрлиги.

Холматов үстүбүздөгү жылы күзүндө Жалал-Абад облусунда кармалган — учурда ал тергөө абагында камакта.