Юристтер педофилдердин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тыюу салуу жөнүндө

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган укук коргоочулар педофилдердин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгуусуна тыюу салуу жөнүндөгү жакында эле президент кол койгон мыйзам эрезеге жете элек өсмүрүмдөрдүн үстүнөн жасалып жаткан зордук-зомбулуктарды токтото албайт деп эсептеп жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев 4-ноябрда педофилдерди мөөнөтүнөн мурда бошотуу укуктарынан ажырата турган мыйзамга кол койгон — мындай өзгөртүү Кылмыш кодексинин 69-беренесине киргизилген.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган юристтер менен укук коргоочулар ал өзгөртүүлөрдү «натыйжасыз» деп эсептей тургандыктарын билдиришти.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов мыйзамдарды катаалдатуудан көрө укук коргоо органдарынын ишин жакшыртыш керек деп эсептейт.

«Кылмыштуулук менен, анын ичинде педофилдер менен күрөшүүнүн башкы ыкмасы — бул жазаны катаалдатуу эмес, а жазанын сөзсүз болушу, укук коргоо органдарынын ишинин эффективдүүлүгү. [...] Жазаны катаалдатуу менен кылмыштуулук азайбай тургандыгын дүйнөлүк практика көрсөткөн», — дейт ал.

Юрист педофилдер үчүн жазаны катаалдатууну «популизм» деп атады.

«Өлкө башчысы бул коомдун алакан чаап: “биздин президентибиз жакшы”деген колдоосун табуунун эң жөнөкөй жолу болгондуктан мыйзамга кол койду. Укук коргоо системасында реалдуу реформаларды жүргүзүүнүн ордуна ал мыйзамдарды ушинтип популисттик менен катаалдатып жатат», — деп эсептейт Токтакунов.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жазаны катаалдатуу көйгөйдү чече албайт деген пикир менен макул. Ал мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүнчүлүгү педофилдер үчүн эркиндикке чыгууга түрткү болуп, үмүт жаратып келгендигин айтууда.

«Мөөнөтүнөн мурда бошонуу мүмкүнчүлүгү — бул түзөтүү абактарында оңдолойун деп отурган кээ бир адамдар үчүн стимул. А эгер ал адамдарды стимулдан ажыратсак алар эч нерсеге үмүттөнбөй калышат, андай үмүтү жок адамдардын оңолуп кетиши да күмөн. Оңдолууга болгон умтулуу аларда жок болот», — деп эсептейт ал.

Бирок Камактагылардын укуктарын коргоо комитетинин башчысы Динара Муканбаева мыйзамдагы мындай катаалдатуулар натыйжалуу болушу ыктымалдыгына ишенет.

«Бул ал коркунучтуу адамдардын көп убакыт бою коомдон обочо жашашы да. Биз муну менен камактагы начар шарттар жана түрдүү оорулардан улам аларды узакка созулган өлүмгө дуушар кылабыз», — деди ал.

Бирок Муканбаева алардын мөөнөтүнөн мурда бошонуу мүмкүнчүлүгүн алып салуунун өз жанын өзү кыюуу коркунучу сыяктуу терс жактары да бар экенин кошумчалады.

«Педофилия» беренеси менен соттолгондор абактарда “төмөн түшүрүлгөндөрдүн” катарына киришет. Аларга эң булганычтуу — ажаткана тазалоо жумушу жүктөлөт. Ошондуктан алардын арасында өз жанын өзүлөрү кыйгандар көп. Муну менен биз аларды кичинекей өлүмгө дуушар кылдык десек болот», — деп эсептейт Камактагылардын укуктарын коргоо комитетинин башчысы.

Автор: Александра Ли