Алтын иштетүүчү компанияга болгон нааразычылыктардан улам Ош-Баткен унаа жолу эки саатка буулду

9-ноябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылынын жашоочулары Ош-Баткен унаа жолун кыска убакытка бууп алышкан — нааразычылыктарга алтын иштетүүчү Z-Explorer компаниясынын кеңсесине кол салгандыгы үчүн айылдашынын кармалышы себеп болгон.

Ош-Баткен унаа жолу 9-ноябрь күнү болжол менен 15:00дөн 17:00гө чейин буулган — Майдан айылынын 200дөй тургуну айылдашы Исмаил Орунбаевдин бошотулушун талап кылышкан.

Орунбаев 18-октябрь күнү, Шамбесай кенин иштеткен Z-Explorer компаниясына каршы өткөн митинг маалында кармалган — анда айылдыктар алтын иштетүүчү компаниянын кеңсесин талкалап, талап кетишкен.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары Кадамжай райондук соту Орунбаевге баш коргоо чарасы катары бүгүн үй камагын белгилегендигин уккандан кийин Ош-Баткен унаа жолун ачышты.

Жолду тосууга катышкан Сатура Ботобаева Kloop.kgге берген маегинде анда Орунбаев компаниянын кеңсесине кол салбагандыгын билдирди.

«Исмаилди ал учурда ошол жакта болуп калгандыгы үчүн эле камагылары келип жатат. Милиция демонстранттарды кууп таратып жаткан маалда ал жөн эле ошол жактан өтүп бара жаткан, ошондо кармап кетишкен», — деди ал.

Болотбаеванын айтымында,  жергиликтүү жашоочулар Z-Explorer  компаниясынын химиялык калдыктарды айылга жакын жерге таштап жаткандыгына нааразы болуп жатышат.

Авторлор: Талас Алымов жана Шерзод Бабакулов