Алтын казуучу компанияга нааразы болгондор Ош-Баткен унаа жолун бууп алышты

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылынын жашоочулары үстүбүздөгү жылдын октябрынын ортосунда кен казуучу Z-Explorer компаниясынын кеңсесине кол салган деген айып менен кармалган айылдашынын бошотулушун талап кылып, Ош-Баткен унаа жолун бууп алышты.

Майдан айылынын 200дөй тургуну  Ош-Баткен унаа жолунун Кара-Дөбө айылындагы бөлүгүн бууп алышты — алар Шамбесай кенин иштеткен Z-Explorer компаниясына каршы 18-октябрда өткөн митинг маалында кармалгандардын бири Исмаил Орунбаевдин бошотулушун талап кылып жатышат.

Нааразычылык акциясынын катышуучусу Сатура Ботобаева Kloop.kgге берген маегинде бийлик Орунбаевди эркиндикке чыгармайынча алар жолду ачпай тургандыктарын билдирди.

«Исмаилди ал учурда ошол жакта болуп калгандыгы үчүн эле камагылары келип жатат. Милиция демонстранттарды кууп таратып жаткан маалда ал жөн эле ошол жактан өтүп бара жаткан, ошондо кармап кетишкен», — деди ал.

Азыркы учурда Кадамжай райондук сотунда компаниянын кеңсесине кол салууга күнөөсү барларды аныктоо үчүн Орунбаев жана башка кармалган адамдардын үстүнөн сот процесси өтүп жатат.

Майдан айылынын жашоочуларынын Шамбесай кенинин иштетилишине каршы митинги 18-октябрда өткөн — анда митинг катышуучулары алтын казуучу компаниянын атайын техникасын басып алышып, кеңсесине кол салышкан.

Болотбаеванын айтымында,  жергиликтүү жашоочулар Z-Explorer  компаниясынын химиялык калдыктарды айылга жакын жерге таштап жаткандыгына нааразы болуп жатышат.

Авторлор: Талас Алымов жана Шерзод Бабакулов