Баткенде биринчи ирет Жаштар Кэмп өттү

Бул жылы жаштар күнүнө карата Баткен шаарында биринчи жолу Жаштар Кэмп болуп өттү. Ага өлкөнүн ар аймагынан демилгелүү инсандар жана Баткен облусунан 300дөй активисттер келип катышты.

Сүлүктү шаарынан келген ыктыярчы Эмил Умаров мындай иш-чараларды алыскы облустарда да өткөрүп туруу зарылдыгын белгиледи. Баткен, Сүлүктүдөгү талантуу жаштарга колдоо көрсөтүп, дем берсе, алардан активдүү жаштар чыгат деп ишенет ал.

“Бул иш-чара бизде биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Бишкек жана Ош шаарларынан келип тренинг өтүп жатканы абдан кубандырды. Баарынан да кубик Рубикти 15 секундда тизип үлгүргөн Нурсултандын таланты таң калтырды. Ушундай иш-чаралардын көп болсо жакшы болмок”,-дейт Эмил.

Кубиктерди тез убакчыттын ичинде тизүү боюнча тренинг өткөн Нурсултан Болотбеков  Баткенден да мыкты жаштар чыгарына ишенерин билдирди.

Нурсултан Болотбеков
Нурсултан Болотбеков

Жогорку кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, жаштардын суроолоруна жооп берип, пикир алмашты.

“Жаштар Кэмптин мындай деңгээлде өтөрүн ойлогон эмесмин. Мында келген жаштарды көрүп абдан кубандым. Жаштардын суроолору таң калтырды. Мен да ушул жерде туулуп өскөнмүн. Алдыга умтулуу керек. Кыргызстандын кай жеринде жашасаң да, ийликке жетүүгө болот”,- деди эл өкүлү Улукбек Кочкоров.

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

Жаштар Кэмпти Баткен шаарында өткөрүүнү уюштурган “Youth of Osh» коомдук бирикмесинин адиси Акмарал Сатинбаева иш-чарага активдүү жаштар жана демилгелүү инсандар өлкөнүн ар тарабынан чакырылганын айтты.

“Бул жерге тренинг өтүү үчүн эң мыкты тренерлер атайын Ош жана Бишкек шаарларынан келишкен. Биздин жаштарыбыз дайыма алдыга умтулушат. Ошондуктан, аларга колдоо гана керек. Биздин кечеге 300гө жакын жаштар келишти. Бул да болсо биздин жетишкенибиз. Жаштарыбызга ийгилик каалайм”,-дейт Акмарал Сатинбаева.

Жаштар Кэмпте Форум театр тобу аракечтиктин кесепети тууралуу көрсөтмө койду. Жаштар бул социалдык көйгөйдү кантип чечүү жолдорун айтты.

5

Жаштар Кэмп Кыргызстандын Бишкек, Ош, Каракол, Баткен, Кант шаарларында өткөрүлдү.

Автор: Гүлзар Осмонали кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева