Кыргызстандык балдар Казакстандын чек арасынан атайын кыстармалар менен гана өтүүгө милдеттендирилишти

Эми кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө кыргызстандык балдарга кайрадан атайын кыстармалар талап кылынат — бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

16 жашка чыга элек балдар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө эми кайрадан жарандыгы жөнүндөгү кыстармаларды көрсөтүүгө милдеттүү — мындай талаптар үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрынан баштап киргизилди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүккө атайын кыстармаларды Мамлекеттик катоо кызматынан алса болот.

Буга чейин деле 16 жашка чыга эле кыргызстандыктар чек арадан кыстармаларды көрсөтүп өтүп келишкен, бирок туристтик сезондун башталганына байланыштуу жайдын башында убактылуу токтотулган болчу.

Чек ара кызматы кыстармаларды көрсөтүү эрежесинин киргизилишин анын балдардын кул катары сатылуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтууда зарыл экендиги менен түшүндүрүп жатат.

«Казак тарап муну балдардын мыйзамсыз чыгарылып кетишине же кулчулукка сатылышына  жол бербөө жана андай учурлардын санын азайтуу максатында жасалып жатканын билдирүүдө.  Анткени балдар анча корголгон эмес, тактап айтканда, бул эреже балдардын укуктарын коргоо максатында киргизилди», — деп билдирген буга чейин Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы.

Атайын кыстармалар Казакстандын демилгеси менен 2013-жылдын 1-июнунан тартып киргизилген.

Балдарга чек арадан өтүү үчүн бул кыстармадан сырткары туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана нотариус тараптан бекемделген ата-энесинин ишеним катын көрсөтүү талап кылынат.