Бишкек: Сүйөркулов көчөсүн оңдоо иштери аяктады

Сүйөркулов көчөсүндөгү (мурунку Донецский көчөсү) оңдоо иштери аяктады. Унаалар үчүн жол 13-ноябрда ачылат.

Бишкектин эң талкаланган көчөлөрүнүн бири болуп келген Сүйөркулов көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери төрт айга созулду.

Бул убакыттын аралыгында жумушчулар Малдыбаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүн 9 метрден 15 метрге чейин кылып кеңейтишкен, бул өз кезегинде төрт тилкелүү унаа кыймылын уюштуруугу мүмкүнчүлүк берди.

Жол менен бирге анын жээктери, четиндеги ирригация системасы оңдолуп, жаңы жарыктандыруу лампалар орнотулду.

Унаалар үчүн жолдун ачылышы 13-ноябрда болот.

Бул курулгандан берки жолдун алгачкы жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлүшү.  Буга чейин анын өтө начар абалы шаардыктардын нааразычылыктарын жаратып келген.

Сүйөркулов көчөсү шаардын эң негизги көчөлөрүнүн бири болуп саналат — ал Бишкектин борборун калк жыш жайгашкан кичи райондор менен бириктирип, Орто-Сай базары аркылуу өтөт.

Автор: Шахида Дүйшеева