Майлуу-Сууда пара алып жаткан жеринен салык кызматынын чиновниги кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаары боюнча Салык текшерүүлөрү жана карыздарды өндүрүп алуу бөлүмүнүн башчысын кармашты.

Чиновник 50 миң сомду пара катары алып жаткан жеринен кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалганга чейин ал кошумча салык эсептей тургандыгын айтып,  жеке бизнес өкүлүнөн коркутуп 200 миң сом талап кылган.

Чиновникке каршы Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адамга карата баш коргоо чарасы катары үй камагы белгиленди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.