Бишкектен алыс эмес жайгашкан айылда жоголгон балдардын сөөгү каналдан табылды

Ноябрдын башында Ново-Покровка айылында жоголгон балдардын сөөгү Бишкекте, Чоң Чүй каналынан табылды — бул тууралуу облустук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

6 жашар Нурсултан Медетбеков менен 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоевдер 3-ноябрь күнү Бишкектен алыс эмес жайгашкан Ново-Покровка айылында жоголуп кетишкен.

Кийинчерээк, 9-ноябрда Шаботоевдин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылган, а 6 жаштагы Медетбековдун сөөгү бүгүн эртең менен табылды.

«Биринчи бала табылган жерден эле таптык», — деди Чүй облустук ИИБсинин нөөмөтчүсү.

Медетбековду анын атасы тааныды.

«Туугандары чакырылган, ал жерге атасы келип баласын тааныды», — деп билдиришти Чүй облустук ИИБсинин басма сөз кызматынан.

Тергөөнүн болжолдуу версиясы боюнча, балдар Чоң Чүй каналына чөгүп кетишкен.

Соттук-медициналык экспертиза балдарга карата күч колдонулбагандыгын аныктады.

«Соттук медициналык эксперт карап чыкты, анын алгачкы, болжолдуу версиясы боюнча, бала чөгүп кеткен. Денеси таза, учурда денеси ачып көрүүгө жөнөтүлдү», — дешти Чүй ОИИБсинин басма сөз кызматынан.

Эки бала тең 3-ноябрда жоголгон — чоң энесинин айтымында, алар Ново-Покровкадагы №3 мектептин жанындагы стадионго сейилдөө үчүн кетишкен.

Алардын жоголушу боюнча тергөөдө бир нече версия бар болчу, бирок чындыкка жакыныраагы катары алардын Чоң Чүй каналына чөгүп кетиши ыктымалдыгы айтылып жаткан.

«Ново-Покровка айлындагы үйлөрдүн бирине орнотулган камерага балдардын суу тарапка чогуу бара жаткандыктары тартылып алынган», — деп жазылган Чүй облустук милициясынын сайтында.

Автор: Алексей Ким