Депутат Текебаев «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун демилгеледи

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясын улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп баштады — бул тууралуу ал 12-ноябрь күнү журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги фракция лидерлери менен болгон жолугушуусунан кийин «Кумтөр» кенин улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун демилгелөө чечимине келгенин билдирди.

Учурда кен канадалык «Центерра Голд» компаниясына таандык, өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын 33 пайыз үлүшүнө ээлик кылат.

Текебаевдин айтымында, президент улутташтырууга  «багыт алууда», бирок ал өлкө башчысынын «расмий» чечими эмес.

Расмий түрдө Атамбаев парламенттен учурда Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз боло турган биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан «өкмөттүн позициясын эске алуу менен туура чечим» кабыл алуусун өтүнгөн.

Текебаев эгер президент мындай кадамга барууга даяр экенин билдирсе улутташтыруу жөнүндөгү чечимди калган депутаттар да колдоого даяр экендиктерин билдирди.

Буга чейин Атамбаев Би-би-сиге берген маегинде эгер «Центерра» Кыргызстандын шарттары боюнча кыргыз-канада биргелешкен ишканасын түзүүдөн баш тартса кыргыз тарап кенди улутташтырууга барышы мүмкүндүгүн билдирген.

«Бул Кыргызстан үчүн өтө оор жана түйшүктүү болсо да элдин тынчтыгы үчүн улутташтырууга барышыбыз мүмкүн», — деп жазган Би-би-си Атамбаевдин айткандарын.

Бирок анда өлкө башчысы улутташтыруу менен бирге мамлекетти «оор экономикалык кесепеттер» күтөөрүн билдирген болчу.

Автор: Эльдияр Арыкбаев