Кыргызстан БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин алдында отчет берип баштады

Кыргызстан 14 жылдан бери өлкөдөгү кыйноолор тууралуу БУУда биринчи жолу отчет берип атат. Отчет Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин 51-сессиясында угулууда.

Кыргызстан боюнча угуулардын алгачкы күнүндө БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин алдында Кыргызстандын делегациясынын башчысы, өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Улан Халдаров сөз сүйлөдү.

Халдаров өз сөзүндө Кыргызстанда кыйноолордун бар экендиги «эң жогорку деңгээлде» моюндалаарын, бирок акыркы жылдары бийлик тарабынан абалды жакшыртуу үчүн олуттуу кадамдар жасалганын билдирди.

Анын доклады негизинен позитивдүү маалыматтарга негизделген — көбүнчө ал кыйноолор боюнча даттануулардын санынын азайгандыгы жана кыйноолорго каршы мыйзамдардын жакшыртылгандыгы тууралуу сөз сүйлөдү.

Белгиленген тартиптерге ылайык, Халдаров сөз сүйлөп бүткөндөн кийин Кыйноолорго каршы комитеттин ар бир мүчөсү суроо берди, алардын бардыгы тең прокурордун орун басарынын оптимисттик көз карашы менен макул болушкан жок.

Комитет мүчөлөрү укук коргоо уюмдарынын альтернативдүү отчетторуна таянышып Кыргызстанда дагы деле чечиле элек кыйноолор боюнча көптөгөн көйгөйлөргө көңүл бурушту.

Өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан кармалган адамдарга карата колдонулган кыйноолорго басым жасалды.

Комитет мүчөсү Георгий Тугуши Кыргызстанда кылмышты мойнуна алдырууда укук коргоо органдары тараптан кыйноо ыкмалары колдонулган учурлар кездешээрин билдирди.

«Бизди Кыргызстандын сот адилеттигинде айыпталып жаткандардын өзүлөрүнүн моюндарына алуусуна өтө көп ишенич арта тургандыктары тынчсыздантып жатат», — деп билдирди ал.

Комитет мүчөлөрү кыйноо учурларында этникалык басмырлоонун белгилерин да көрүүгө боло турганын айтышып, кооптонууларын билдиришти — Тугуши менен адам укуктары боюнча эксперт Фелис Гаердин билдирген маалыматтары боюнча, Кыргызстанда милиция тарабынан болгон кыйноолорго көбүнчө этникалык өзбектер туш келген белгилерди байкоого болот.

Ошондой эле угууда Кыргызстандын абактарындагы шарттардын «өтө катаалдыгы» айтылып,  үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктар менен күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча суроолор берилди.

Укук коргоо органдары менен дипломаттардан турган Кыргызстандын расмий делегациясы берилген бул суроолорго бүгүн, 13-ноябрдагы жооп берет.

Автор: Бектур Искендер