Азырынча юрист Айткуловго кол салуу боюнча кылмыш иши козголо элек

Милициянын тергөөчүлөрү кечээ кечинде өзүнүн үйүнүн жанынан сабалган юрист Икрамидин Айткулов менен азырынча сүйлөшө алышкан жок. Буга байланыштуу кылмыш иши да козголо элек.

Бишкек милициясы белгилүү юристке кол салуу боюнча бардык фактыларды чогултту, бирок тергөөчүлөр азырынча жабырлануучунун өзү менен сүйлөшө албагандыктан кылмыш иши козголо элек.

«Соттук медициналык эксперттин тыянагын күтүп атабыз. Жактоочу Айткулов эсине келээри менен кылмыш ишин козгойбуз», — деди Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев.

Ал ортодо Айткулов эсине келип, баш сөөгүн томографияга тартууга даярданып жатканы белгилүү болду — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде анын иниси Хансар Айткулов билдирди.

«Эң башкысы — башын томографияга тартыш керек, анткени бет сөөгү сынган болушу мүмкүн [...] Дарыгерлер ал жерде кан куюлуу барбы жокпу айтуулары керек», — деп билдирди жабырлануучунун иниси.

Икрамидин Айткулов жаткан палата кечээтен бери милициянын кайтаруусунда.

«Уюштурулган» кол салуу

Оппозиционерлерди жактап келгендиги жана Кыргызстандын атайын кызматтагыларын сындагандыгы менен белгилүү жактоочу Икрамидин Айткулов 13-ноябрь күнү кечинде өз үйүнүн жанынан сабалган — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде анын иниси Хансар Айткулов билдирген.

«Ал меникинен кеткен, үйдөгүлөргө шаардык телефонуман чалган [...] Алар аны 10 мүнөттөй күтүшүп анан эшикке чыгышкан. Анан эс-учун жоготуп, жерде жаткан абалында табышкан. Анын сол көзү көгөргөн, башына соккулар болгон, тиштери жана сол колу жабырланган. Буту дагы сынган», — деди Хансар Айткулов.

Бишкек милициясынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде кол салуудан кийин жактоочунун акчалары жоголгонун билдирди. Бирок ал канча суммадагы акча жоголгонун так айтып бере алган жок.

«Такталып жатат. Кийинчерээк такталгандан кийин айтып беребиз», — деп билдирди Бишкек ШИИБисинин басма сөз кызматынын өкүлү.

Хансар Айткуловдун айтымында, агасы ири суммадагы акчасынын жоголгонуна карабастан ага карата кол салууну «атайын уюштурулган» деп эсептеп жатат.

«Икрамидин эгер жөн гана тоноо болсо анын бутун сындыруунун кажети жок болмоктугун айтып жатат. А ал жерде казык менен бутка ургулашкан, төрт жолу урушуп сөөгүн сындырышкан», — деди жабырлануучунун иниси.

Айткулов соттордо «Ата-Журт» партиясынын оппозициялык лидерлеринин кызыкчылыктарын коргогондугу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн сынга алып келгендиги менен белгилүү.

Автор: Эльдияр Арыкбаев