Бишкек: Төрөт үйүнөн уурдалган ымыркай тирүү табылды [+ видео]

Кыз табылган батирдин эшиги(сол тарапта). Автору: Александра Ли

Милиция кызматкерлеринин операциясынын жүрүшүндө өткөн аптада №4 төрөт үйүнөн уурдалган ымыркай кыз Асанбай кичи районундагы батирлердин биринен тирүү табылды.

Табылган кыз менен аны уурдаган деп шектелип жаткан адам Бишкектин Октябрь РИИБисине алынып келинди.

Анда жоголуп кеткен кызын ата-энеси күтүп алышты. Аты коюла элек ымыркай кыз номур 4-төрөт үйүнөн уурдалгандан тогуз күн өткөндөн кийин Асанбай кичи районундагы батирлердин биринен табылды.

Бишкектин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Kloop.kgге берген маегинде кыз төрөт үйү менен бир комплекске кирген госпиталдын мурунку бейтабы тарабынан уурдалганын билдирди.

Азырынча ымыркайдын уурдалышынын себептери белгисиз. Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, кызды уурдаган делинип жаткан келин аны өз атына жаздырууга үлгүргөн.

Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары ымыркайдын уурдалышына төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлеринин да катыштыгы бар болушу мүмкүндүгүн айтты.

№4 төрөт үйүнүн өкүлдөрү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Кыздын куткарылышына болжол менен 13 журналист көз салып турду.

Операция аяктагандан кийин Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов ЖМК өкүлдөрүнө кыздын атын Октябрь РИИБсинин урматына Октябрина деп кое тургандыктарын билдирди.

Буга чейин ымыркайды уурдаган деген шек менен Бишкектин 4-төрөт үйүнүн медайымы кармалган болчу.

Автор: Александра Ли