«Кумтөрдөн» акча талап кылууга айыпталып жаткандар тергөө абагында калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын менеджеринен ири суммадагы акча талап кылган деп айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты . Сот жообуна тартылып жаткандар тергөө абагында камакта калышты.

14-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кумтөрдүн» менеджеринен 3 млн. доллар талап кылууга айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдордун ишин кароону улантты.

Сот жообуна тартылып жаткандардын жактоочусу Чынара Жакупбекова алардын камакта болуу мөөнөтүнүн  29-октябрда бүткөндүгүнө байланыштуу баш коргоо чараларын өзгөртүүнү өтүндү.

«Мен баш коргоо чараларынын камакка алуу менен байланышпаган башкасына өзгөртүлүшүн, ошондой эле Курманов менен Жунушбаевдин дагы деле камакта болушунун мыйзамдуулугун карап чыгууну өтүнөм», — деп билдирди ал сот процессинин жүрүшүндө.

Бирок Биринчи май райондук сотунун судьясы Нарынбек Молдобаев сот жообуна тартылып жаткандар «качып кетиши» мүмкүн деп, алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты.

«Аларды камактан чыгарууга себеп жок. Алар оор беренелер боюнча айтыпталып жатышат. Бул өкүм боюнча кайрадан даттанууга болбойт», — деп билдирди ал.

Акча талап кылууга айыпталып жаткандардын иши боюнча кийинки отурум үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында өтөт.

Курманов менен Жунушбаев «Кумтөр» компаниясына каршы нааразычылык акцияларын токтотуу үчүн ишкананын менеджеринен акча талап кылышкан.

Алардын алтын өндүрүү компаниясынын жетекчилигинин өкүлү менен болгон сүйлөшүүлөрү атайын кызматтагылар тарабынан тартылып алынып, кийинчерээк жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таркатылган болчу.

Айыпталып жаткандардын өзүлөрү акча талап кылгандыктарын четке кагып жатышат — алардын версиясы боюнча, видео монтаждалып атайын жасалган.

Авторлор: Белек Мамакеев жана Клара Абдукова

Сүрөт: АКИпресс маалымат агенттигинин сайтынан алынды