Кыргызстандын алтын кендүү жерлери аукцион аркылуу ижарага берилди

Кыргызстанда алтын кендүү жерлерди ижарага берүү боюнча алгачкы аукцион 12-ноябрда өткөрүлдү. Алтын бар болушу мүмкүн болгон жерлерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү лизенциясын эки компания утуп алды.

Кендерди иштетүү укугун сатуу боюнча аукцион 12-ноябрда Жалал-Абад облусунда өттү. Анын жыйынтыгында  «Чаткал Голд» жана «Чаткал Лачын» компаниялары жеңүүчү болушту.

Алардын бири болжолдуу түрдө 3000 килограммдык алтын запасы бар, а экинчиси 255 килограмм запасы бар жерге ээ болушту.

«Эки жерде тең алтындын запасы көп же аз болушу мүмкүн. Бул алдын ала айтылган божомолдонгон ресурстар», — деди иш-чараны өткөргөн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Назгүл Кулова Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, чалгындоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү үчүн «Чаткал Голд» 500 миң доллардан ашык, а «Чаткал Лачын» компаниясы 100 миң доллардан бир аз ашыгыраак каражат төлөгөн.

Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Башкытерек» алтын кени менен Аючачы аянты аларга байланыштуу соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыктан аукциондо ижарага берилген жок.

Жалпысынан анда соодалашууга 15 компания катышкан.

Аукциондун айланасындагы талаш-тартыштар

Аукцион көз карандысыз байкоочулар тараптан сынга алынды.

«Коррупцияга каршы коомдук демилге» коомдук фондусу аны «коррупциялуу» жана «мыйзамга каршы келген» аукцион деп атады — алардын маалыматтары боюнча, эң башкы мыйзам бузуу соодалашууга чет элдик уюмдардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши болду.

Бирок Мамлекеттик геология агенттигинин берген маалыматтары боюнча, аукциондо жеңишке жеткен «Чаткал Голд» компаниясы кыргыз-кытай кызматташуусунун негизинде түзүлгөн компания.

Мекеменин басма сөз катчысы аукциондун өткөрүлүшү боюнча айтылган айыптоолордун бардыгын тең четке какты.

«Биз аукционду мамлекеттин кызыкчылыгында өткөрдүк. Анда эч кандай мыйзам бузуу болгон жок», — деп ишендирди ал.

Мындай алгачкы аукцион 2012-жылдын 28-августунда өткөрүлүшү керек болчу, бирок анда ал «айлана-чөйрөнүн булгануусунан» чочулаган активисттер тарабынан үзгүлтүккө учураган.

Автор: Алексей Ким