Майыптардын даттанууларынан кийин Бишкек мэриясы аялдамаларга пандустарды орнотот

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жолдор менен аялдамалардын жанына пандустарды орнотуу өтүнүчү менен Бишкек мэриясына кайрылышты. Борбордук мэриянын басма сөз кызматы аялдамаларга пантустар кийинчерээк орнотулаарын айтып убада берди.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча республикалык борбор жаңы оңдолуп бүткөн Сүйөркулов көчөсү майып адамдардын пайдалануусу үчүн жараксыз экенине даттанган билдирүү таратты.

«Орто-Сай базарынын маңдайындагы эки негизги аялдамада пантустар жок, жөө адамдар жүрчү жолдордун көп бөлүгүн унаалар үчүн чоң жолго кошулуучу жол тармактары кесип өтөт. Алар жөнөкөй жана кары адамдардын, ошондой эле майыптардын коляскалар менен жүрүүсүнө ылайыкташтырылган эмес», — деп жазылган билдирүүдө.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча уюмдун мүчөсү Укей Мураталиева аялдамадарда пантустардын жок болушу Майыптардын укуктары жөнүндөгү конвенцияны бузат деп эсептейт.

«Эгер биз айлана-чөйрө менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеп кыла турган болсок, андан албетте жолдордо түзүлгөн шарттардын ага тиешеси бар. Жолдорго коюлган талаптарды аткаруу — бул мэриянын түздөн-түз милдети, а ал өз кезегинде майыптардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын бөлүмдөрүнүн бири», — дейт Мураталиева.

Анын пикиринде, мэрия Орто-Сай базарына жакын жайгашкан аялдамалардын ар бирине коляска менен жүрүүгө ылайыкташтырылган жантайыңкы ичке жолдорду орнотуусу керек.

«Жалпысынан айтсак, чындыгында Бишкек шаары боюнча аялдамалардын биринде да коляскалар менен жүрүүгө ылайыкташтырылган жантайыңкы жолдор жок», — дейт Мураталиева.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде мэрия мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустарды «кийинчерээк» орнотоорун айтты. Бирок канча убакыттан кийин экенин так билдирген жок.

«Жолдун унаа кыймылы үчүн ачылышы бул биринчи гана этабы. Алдыда биз ирригация системасын жана жөө адамдарга түзүлгөн шарттарды жакшыртууну улантабыз», — деди Усупбаева.

Ал учурда мэрия мамлекеттик мекемелердин кире бериштерине пандустарды орнотууну пландап жатканын кошумчалады.

«Биз азыр мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мамлекеттик мекемелерге оңой кирүүлөрү үчүн аларга пандустарды орнотууну пландап жатабыз. Ошондой эле  жапыс автобустарды да алдык», — деп кошумчалады мэриянын басма сөз катчысы.

Сүйөркулов көчөсү шаардын эң негизги көчөлөрүнүн бири болуп саналат — ал Бишкектин борборун калк жыш жайгашкан кичи райондор менен бириктирип, Орто-Сай базары аркылуу өтөт.

Бишкектин эң талкаланган көчөлөрүнүн бири болуп келген Сүйөркулов көчөсүн оңдоо иштери төрт айга созулуп, унаа кыймылы үчүн ал 13-ноябрда ачылган.

Автор: Алексей Ким