Сот педофил деп айыпталган дин кызматкеринин акыл-эсинин жайында эместигин кайрадан текшерүүдөн баш тартты

Ош шаардык соту 9 жаштагы баланы зордуктаган деп айыпталып жаткан медресе тарбиячысынын акыл-эси жайында эмес экендигин кайрадан текшерүүдөн баш тартты.

Тергөө 22 жаштагы медресе кызматкери Нурсеит Калыбай уулун 9 жашаар баланы зордуктоого күнөөлүү деп тапкан, бирок Кызыл-Жар ооруканасынын психиатрлары Калыбай уулунун акыл-эси жайында эмес экендигин билдиришкен болчу.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу анын акыл-эсинин жайында же жайында эмес экендигин текшерүү үчүн кайрадан экспертиза жүргүзүүнү өтүндү, бирок жыйынтыгында, Ош шаардык соту жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Соттун пикири боюнча, медресе кызматчысынын акы-эси жайында эместиги жөнүндөгү дарыгерлердин буга чейинки чыгарган чечими туура болгон.

Бирок жабырлануучу тарап кызыл-жарлык психиатрлардын корутундусун негизсиз деп эсептеп жатат — алардын пикиринде, экспертиза эл аралык стандарттарды бузуу менен өткөрүлгөн.

«Айыпталып жаткан адамдын психикасынын жабырланганын далилдей турган клиникалык факторлордун бардыгы тең текшерилген эмес», — деп билдирди жабырлануучу тараптын жактоочусу Валерьян Вахитов Kloop.kgге берген маегинде.

Жабырланган баланын апасы Kloop.kgге берген маегинде соттун алгачкы отурумдарында Калыбай уулунун абалы «нормалдуу эле» болгонун, бирок психиатрлардын корутундусунан кийин өзүн «таңкалычтуу» алып жүрө баштаганын айтты.

«Менин оюмча, аны аутизмди имитация кылууга үйрөтүп коюшкан. Ал акыркы эки отурумдан бери аны имитация кылып жатат. Анын жасалма, анткордук менен кылып жатканын кичинекей бала деле түшүнөт», — деди баланын апасы.

Медресенин шектелип жаткан тарбиячысынын акыл-эсинин жайында же жайында эместиги жөнүндөгү соттун акыркы чечими 19-ноябрда Ош шаардык сотунда кабыл алынат.

Ош медресесинин 9 жаштагы тарбиялануучунун зордукталгандыгы боюнча иш бир жылдан бери каралып келүүдө — баланын зордукталгандыгы жөнүндөгү факты 2012-жылдын жай айларынын ортосунда белгилүү болгон.

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, 9 жаштагы бала Ош медресинин тарбиячысы тарабынан бир нече жолу зордукталган.

«Баланын зордукталгандыгы экспертизалар тарабынан бир нече жолу далилденди. Азыр анын буту иштебей калды», — деди жабырлануучу тараптын жактоочусу.

Эгер Калыбай уулу биротоло акыл-эси жайында эмес деп табылса, анда ал камактан кутулушу мүмкүн,

Автор: Улан Мырза