Кыргызстандын Улуттук банкынын кызматкерлери эскирген акчаларды алгандан баштап майдалап кескилегенге чейинки аларды жок кылуу процессин толугу менен журналисттерге көрсөтүштү.
Кыргызстандыктар менен коммерциялык банктар эскирген акчаларды Улуттук банкка тапшырышат.
Андан соң тапшырылган банкноттор алардын эскилигин аныктай турган ылгоочу машинага түшөт — эгер техника акчаларды жараксыз деп тапса алар майдаланып кескиленет.
Банк тарабынан жөнөтүлгөн банкноттор бир топ узак жолдон өтөт десек болот.
Аларды таштандыларды иштетүүчү заводго жеткиришет да ал жерден дагы бир жолу санап чыгышат — эгер акча жетпей калса банк акт түзүп, жооптуу адамды аныктайт.
Банкноттор саналып бүткөндөн кийин майдалап кескилөөчү конвейердик лентага салынат — ал таңгакталган акчаларды бузат да аларды майдалап кескилейт.
Майдаланган кесимдердин диаметри 6 миллиметр гана болгондуктан ал банкнотторду кайрадан калыбына келтирүүгө мүмкүн болбойт.
Андан соң кесимдер цилиндр формасындагы кичинекей брикеттерге пресстелип, мүшөктөргө салынат.
Брикеттер салынган мүшөктөрдү кийин кагазды кайра иштетүүчү заводдорго алып кетишет.
Ал жактан акча кесимдеринен турган брикеттер боектордон тазаланып, калың кагаздарды өндүрүү үчүн даярдалган башка калдыктар менен аралаштырылат.
Автор: Нуржамал Жаныбекова