Юрист Айткуловго кол салуу боюнча кылмыш иши козголду

Жактоочу Икрамидин Айткулов кечээ кечинде ырайымсыздык менен сабалгандыгы боюнча арыз жазды. Милиция талоончулук менен кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда юрист ооруканада.

Кылмыш иши «талоончулук менен кол салуу» беренеси боюнча козголду  — бул тууралуу Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Анна Жукова билдирди.

«Айткулов арыз жазды, учурда Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 168 беренесинде каралган талоончулук менен кол салуу боюнча кылмыш иши козголду», — деди ал.

Жукова тергөөнүн сыры деп жактоочуга кол салуу эмнеге байланыштуу экенин так айтып бере алган жок.

«Азыр эки версия караштырылууда, айланасындагы жакын адамдарынан баштап профессионалдык ишмердүүлүгүнө чейин», — деп кошумчалады ал.

Басма сөз кызматынын өкүлү буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары билдирген Айткуловдун тергөө менен кызматташуудан баш тартып жаткандыгы жөнүндөгү маалыматты четке какты.

Анын айтымында, жактоочу тергөөчү менен сүйлөшүүдөн баш тарткан эмес, жөн гана реанимацияда болгондуктан көрсөтмө бере алган эмес.

Оор жараттар

Юристтин иниси Хансар Айткулов Kloop.kgге берген маегинде азырынча дарыгерлер акыркы диагноз кое электигин айтты.

«Дагы томографияга тарттырыш керек, аны эртеңкиге калтырышты. Азыр учурда башына көңүл буруу керек болууда, бет сөөктөрү сынган болушу мүмкүн деген кооптонулар бар, анткени бетинде өтө чоң шишик бар. Томографиядан кийин анда кан куюлуу барбы жокпу белгилүү болот», — деди ал.

Хансар Айткулов агасынын бутуна операция жасоо керектигин айтты.

«Бутун айтсам, анын бир эле бутунда эки сөөк сынган, азыр шакшак коюшту. Учурда операция жасоо пландалып жатат», — деп улантты Хансар.

Жабырланган юристти кечээтен бери палатанын жанында милиция кызматкерлери кайтарып жатышат.

«Уюштурулган» кол салу

Хансар Айткулов агасына болгон кол салууну анын профессионалдык ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат.

«Эгер тоноо максаты болгондо бутун сындырып эмне кереги бар эле? Башка бир уруп, эс-учун жоготуп жыгылып калганда тоноп кете беришет эле да. А алар бул жерде буту сынгыдай кылып атайын темир менен төрт жерин теше сайышыптыр», — деди ал.

Учурда Икрамидин Айткулов №4 шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүндө, ал бул жакка эсине келгенден кийин реанимация бөлүмүнөн которулган.

Юрист 13-ноябрь күнү кечинде өз үйүнүн жанынан сабалган.

Айткулов соттордо «Ата-Журт» партиясынын оппозициялык лидерлеринин кызыкчылыктарын коргогондугу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн сынга алып келгендиги менен белгилүү.