Асма көпүрөнүн курулушунан жаралган ыңгайсыздыктар

 

Ош шаарынын борборунда асма көпүрөнүн курулушу менен транспорт көп каттаган Навои көчөсү жабылган. Бул болсо бир катар ыңгайсыздыктарды жаратып жатат дейт айдоочулар жана жүргүнчүлөр. Курулуш 2 жыл аралыгында бүтөрүн адистер белгилегени менен, жергиликтүү тургундар курулуш андан дагы узакка созулуп кетерин болжолдошот.

Ош шаарынын тургуну Клара Акматова шаардын борбордук көчөлөрдөгү автотыгындарга нааразы.  Асма көпүрөнүн курулушу башталып, Навои көчөсү жабылганы, маршруттук каттамдар өзгөрүп, бара турган жеринен адашып жаткандыгын айтат Клара.

Клара Акматова
Клара Акматова

«Мурун маршрутка менен эле бара турган жериме жетип алчумун. Эми көп жөө жүрүп кыйналып жатам», - дейт ал.

Айтымында,бир жерге баруу үчүн 3 жолу маршрутка алмаштырат. Транспортко чыгуу ал үчүн өтө ыңгайсыз. Себеби, буту кыска болгондуктан, автоунаага  чыга албай кыйналат.

«Майыптык боюнча пенсиямды алганы, досторум менен жолукканы, иштерим менен Араван аялдамасы тарапка көп барам. Мурда биздин маршруткабыз түз эле ошол жакка барчу. Жолдор жабылгандан бери, ал жакка кирбей калды. Ошондуктан бир нече жолу автоунаадан автоунаага отурам», - дейт Клара.

Ош шаарынын четинде жашаган Мээркан Абдыраимова жолдор жабылгандан бери чыгым көп кетип жатканын айтат. Анын эки кызы да университетке баруу үчүн көп жолу маршрутка алмаштырат.

«Курулуш баштала электе бир маршруткага чыгып эле жетип алышат эле. Анын үстүнө жол кире да кымбаттап калып, окууларына жеткенге чейин эле өтө көп акча кетип калтат», - дейт Мээркан апа.

Мындай ыңгайсыздыктар бир гана жүргүнчүлөр арасында эмес, айдоочулар арасында да көп кездешет. Алардын бири 107-маршрутканын айдоочусу Эгемберди Зарипов. 40 жылдык айдоочулук тажрыйбасы болсо да кыйын болуп жатканын айтат.

«Бардык маршруткалар бир жол менен жүрүп, 40-50 мүнөткө чейин автотыгында турган учурлар болот. Мен азыр 60 жаштамын. Менин жашымда мындай ыңгайсыздыкка чыдоо оор болуп калат экен. Белим талып, башым ооруп калат. Анын үстүнө жүргүнчүлөр да билбей чыгып алышып, сүйлөнүп түшүп кетишет. Кээде төлөбөй түшүп кеткендер да болот», - дейт Э. Зарипов.

Эгемберди Зарипов
Эгемберди Зарипов

Айдоочунун айтымында автотыгында турганда бензин өзүнөн өзү короп, чыгымга учурайт.

«Биз, негизинен, 55 мүнөттө токтоочу жерибизге барып калышыбыз керек. Бир нече күн мурун 2 саат дегенде бардым. Ушунча убакыттын ичинде 3 литр солярка ашыкча кетип калды. Бир литр солярка 41 сом болгондо, 3 литр 123 болуп калат. Бул деген 120 адамды бекер алып барганга туура келип калат. Зайнабетдинов көчөсү, Пекин мейманканасы жактагы көпүрөлөр тезирээк бүтсө жакшы болот эле. Ошондо бизге ыңгайлуу болмок», - деди Э.Зарипов.

Мындай ыңгайсыздыкка 149-маршруттун айдоочусу Акылбек Жакыпов  да нааразы.

«Асма көпүрөнүн курулушу башталгандан бери жолубуз узарды. Айланып өтчү жолдо убактыбыз кетет. Эртең мененки 5тен кечке чейин ар жерде пробкада, ызы-чууда туруп калабыз. Жолоочулар менен айтышкан учурлар да болот. Ар күнү эртеден-кечке ушундай болсо, чоң нааразычылыкты жаратат экен», - деди Акылбек Жакыпов.

Ош шаар мэриясынын транспортту көзөмөлдөө боюнча адиси Уралы Романов мындай ыңгайсыздыктар жакында бүтөрүнө ишендирет.

«Мындай нерселер жакында аяктайт. 11-ноябрдан тарта батыш тараптан: Сүлүктү, Ноокат, Кадамжайдан келген автоунааларды жаңы автовокзалга киргизебиз. Ошондо мындай башаламандыктар азаят», - дейт Уралы Романович.

МАИ кызматкерлери автотыгындан жол эрежелерин бузуулар көп болуп жатканын айтат.  Бул МАИчилердин ишин оорлоторун белгилешет.

Ош шаарынын борборунда курушу жакында башталган  асма көпүрө Ленин көчөсү менен Масалиев көчөсүн бириктирет. Адистер көпүрө 2 жыл ичинде бүтөрүн айтса, ал эми жергиликтүү тургундар мындан да көбүрөөк созулаарын билдиришет.

Ош шаарында 1 миңден ашуун кичи  маршрутка, 50гө жакыны автобус, 30дай троллейбус бар. Жакында эле 104-жаңы каттам ачылгандыгын транспорт башкармалыгы билдирди. Бул жаңы каттам Медресе айылынан Ишкаван айылына чейин барат.

Схема Дорога

Автор: Назгүл Мадзимова

Сүрөттөр автордуку

Редактор:  Гүлзат Газиева