Билим берүү тармагынын кызматкерлери 10 жана 12 жылга эрктеринен ажырашты

Сузак райондук соту 13 млн. сом каражатты мыйзамсыз менчиктештирип алгандыктары үчүн Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнүн эки кызматкерин 10 жана 12 жылга эрктеринен ажыратты.

Ошондой эле соттолгондор мамлекет бюджетинен уурдалган каражатты төлөп берүүгө милдеттендирилишти.

Аларга каршы кылмыш иши билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын апрелинин аягында козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, соттолгондор акыркы үч жылдан бери бюджеттен акча уурдап келишкен.