Кубик Рубикти канча убакытта тизе аласыз?

Ош шаарында кубик Рубик оюну жаштар жана өспүрүмдөр  арасында таймаштарды жаратууда. Кубикти бат тизүүнү үйрөтүүчү атайын клубдар да түзүлгөн.

11-класстын  окуучусу Жанарбек Курманбек уулу кубик Рубикти ушул жылдын март айынан баштап үйрөнө баштаган. Бул оюн логиканы өстүрөрүн айтат:

Жанарбек Курманбек уулу
Жанарбек Курманбек уулу

«Кубик Рубик азыркы учурда окуучулар арасында кеңири  таралган оюн. Ал логиканы өстүрүп, ой жүгүртүүнү тереңдетет. Кубикти тизүү ыкмалары бар. Турмушта пайдасы көп деп ойлойм. Мисалы: оюндун жүрүшүндө ортодогу кубик кыймылдабайт, четтегилери кыймылдайт. Жашоодо деле өзүң өзгөрбөйсүң, бирок башка нерселерди өзгөртүүгө болот. Айлана-чөйрөдөгү бардык нерсе сага байланыштуу деген философия камтылган»,-дейт Жанарбек.

Анын айтымында,  кубикти тизүүнү бардык эле адам өздөштүрсө болот.

«Эгерде адамда каалоо болсо, тез эле үрөнүп алат. Алгач бир тарабын эле тизгенди билет элем, кийин балдардын формулага салып тизип жатканын көрүп  отуруп,  жарым саатта үйрөнүп алдым. Мен 3:3 деген түрүн тизем. Анын сыры - формулага салып, тизүү ыкмасын билүү», -дейт Жанарбек.

11-класстын окуучусу Айдана Адылбекова да кубик Рубиктин  3:3 түрүн тизет. Кийинки, татаалыраак баскычтарына өтө элек.

Айдана Адылбекова
Айдана Адылбекова

«Кубик ойду бир жерге топтоого үйрөтөт. Аң- сезимди өстүрүп, бир нерсеге көбүрөөк маани берип каласың. Мен 3:3 деген түрүн тизем, эң кыйыны тоголок кубик Рубик деп ойлойм. Менимче, аны тизүү кыйын. Ага аракет кылып да көрө элекмин»,-дейт Айдана.

Кубик Рубик боюнча быйыл республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон Нурсултан Болотбек уулу бул спорттук оюндун сырлары менен бөлүштү.

«Кубик Рубик математика катары. Мисалы: геометриядай ой жүгүртүүңдү, логика жактан ойлонууну байытат. Бул кызыктуу,  улам топтогуң келет.

Нурсултан Оштогу Макаренко атындагы мектеп-гимназияда 11-класста окуйт. Ал быйыл Бишкекте болуп өткөн кубик Рубик тизүү боюнча турнирде чемпион болгон. 4:4  жана 5:5 түрүн 15-16 секундда тизип үлгүрөт.

Бул оюн азыр Кыргызстанда кеңири жайылып баратат.

Нурсултан Болотбек уулу
Нурсултан Болотбек уулу

«Кубик Рубикти 1979-жылы Венгрияда Эрно Рубик деген архитектор жасап чыккан. Бир жыл өтүп, бүт дүйнө эли кызыга баштаган. Speak kubik деген спорт бар, азыр шахмат катары эсептелинет, өтө таанымал. Австралиялык Велик Зимбекс деген адам кубикти тизүү боюнча рекорд койгон. Ал 5,6 секундда бүткөн. Азыркы учурда Америкада, Гринландияда көптөгөн мамлекеттерде ойнолот»,-дейт Нурсултан.

«Ош Таатан» соода борборунда иштеген Зейнеп Эгембердиева Россиянын 1-каналында «Минута славы» көрсөтүүсүнөн кийин кубик сатуу менен пайда көрүп жатканын айтат.

«Бул көрсөтүүдө бала кубикти көзү байлануу боюнча, кийин суунун астында тизип, баарын таң калтырган. Ошондон көп өтпөй  кубик оюну өтө таанымал болуп кетти.  Азыркы учурда күнүнө 4-5 кубик сатам, кээде бир класс окуучу сатып алышат»,-дейт Зейнеп айым.

Ош шаарында кубик Рубикти үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын клубдар түзүлгөн.

Автор: Назгүл Орзиева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева