Кыргызстанга «АзияУниверсалБанктын» улутташтырылышы боюнча сот чыгымдары төлөнүлүп берилет

«АзияУниверсалБанктын» директорлор кеңешинин мурунку башчысы Михаил Надель менен каржы мекемесинин башка акционерлери Кыргызстанга 280 миң доллардан ашык сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү — бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын октябрынын соңунда эл аралык арбитраждык сот Кыргызстандын өкмөтүнө 281 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү соттук чыгымдарды төлөтүп бердиртүү тууралуу чечим чыгарды.

Ал чыгымдар Кыргызстан бийлигинин Михаил Надель менен «АзияУниверсалБанктын» (АУБ) башка акционерлерине каршы жазган утурлама доо арызына байланыштуу болгон.

Надель АУБ улутташтырылгандан кийин мекеменин мурунку акционерлери менен бирге Кыргызстандын өкмөтүн арбитраждык сотко берген. Бирок кийинчерээк биргелешип арыз берүүдөгү процессуалдык мыйзам бузуулардан улам доо арызын кайрадан чакырып алган болчу.

Михаил Надель — «АзияУниверсалБанктын» директорлор кеңешинин мурунку башчысы. Ал 2012-жылдын апрелинде мекеменин башка акционерлери менен бирге банкты улутташтыруу процессинде жоголгон акциялары үчүн компенсация катары Кыргызстандан 400 млн АКШ долларын талап кылышкан.

АУБ 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин дароо эле мамлекеттин менчигине өткөн.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, Надель «АзияУниверсалБанктын» акцияларынын 59 пайызына ээлик кылган.

Апрель революциясынан бир жыл өткөндөн кийин ага мыйзамсыз алынган акчалардын изин жашыруу, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана салык төлөөдөн качуу беренелери боюнча күнөө тагылып, 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмү сырттан чыгарылган.

Наделге мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге издөө жарыяланган.

Андан соң «АзияУниверсалБанкы», учурдагы «ЗалкарБанк», орусиялык «Инвестициялык соода бизнес холдинги» компаниясына сатылган.

Автор: Эльдияр Арыкбаев