Жалал-Абад облусундагы жол кырсыгынан төрт адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алып кетти. Учурда тирүү калган бир адам облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө.

Жол кырсыгы 14-ноябрь күнү кечинде, Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда болгон — унаа 30 метрлик жардан кулап кеткен.

Жалал-Абад облусунун ИИБсинин басма сөз катчысы Жусуп Камбаралиев Kloop.kgге берген маегинде кырсыкка унаа айдоочусу күнөөлүү болгондугун билдирди — милициянын версиясы боюнча, ал саатына 150 чакырымдан жогорку ылдамдыкта бара жаткан.

«Кырсыктан бир гана адам тирүү калган, ал оор абалда облустук ооруканага жеткирилди. Ал эс-учун жоготкон, учурда реанимацияда», — деди басма сөз катчы.

Жалпысынан унаада беш киши болгон — АКИпресс агенттигинин маалыматы боюнча, жүргүнчүлөр менен айдоочу үлпөт тоюна чакырылып, шашып бара жатышкан.

Автор: Айрин Абдракманова