Маек: Орусиядан Кыргызстанга жүк-200дү кантип алып келдим

Окуясы менен бөлүшкөн каармандын суранычы менен баяндамадагы бардык адам аттары өзгөртүлдү (каармандын аты да).

Жыргал азыр Ош облусуна караштуу айылдардын биринде жашайт. Биринчи жолу Орусияга 2004-жылы барып, ар кайсы шаарларында жүк ташуучудан тарта дүкөн жетекчилигине чейинки кызматтарда иштеген. Орусияда башынан өткөргөн эң оор күндөрүнүн арасынан баш калкалай турган жайсыз калып, таштанды аңтарып жан багып, темир-тезек чогултуп акча тапкан күндөрүн баса белгилеп эстейт ал.

 

Акча табуу жана жакшы жашоого жетүү үчүн Жыргал Екатеринбургга дос-тааныштарынын жардамы менен барган. Орусиядагы кыргыз мигрантынын жашоо жана ишке орношууга керектелген документтеринин баары бар эле. Жыргалдын эки багытта жогорку билими болгон. Алардын биринин жардамы менен Екатеринбургда дүкөнгө ишке орношкон.

 

Ал ортодо агасы да өзүнүн достору аркылуу Екатеринбургга ишке чакырылган. Ошол жерде иштеп бутуна тура баштаганына беш ай болгон эле. Бир туугандар шаардын ар кайсы бурчтарында жашашчу. Күз аяктап калган кезде башына келген каргашалуу күндөрүн Жыргалдын өзүнөн уксак.

Сарсанаага салган кабар

Агам дайыма жеңем менен эжемден мурда жумуштан чыгып үйүнө келип калчу. Ошол күнү айлыгын, сыйакысын (ред. премиясын) жана авансын да алып иштен чыккан экен. Эжемдер үйгө келсе агам жок. Эжем менен жеңем агама кайра-кайра телефон чалып сурашса, агам “азыр Карим мененмин” деп, андан башка эч кандай сөз айтпай телефонду өчүрүп коюп жатыптыр.

Ошентип бул кабар мага түнкү саат он бирлер чамасында жетти. Кадимкидей иштен келип, өз бөлмөмдө сыналгы көрүп отургам. Эжем чалып, кабатыр болуп отурушканын айтты.

Моргдон табылган дене

Туш келди ар жакты караштырып, агамды издебеген жерибиз калбады. Ошентип арадан төрт күн өтүп кетти. Бул ортодо агам менен анын досун издөөгө бергенбиз. Бир танышыбыз Каримди коомдук транспортто көргөнүн айтты.

Эптеп Каримди таап бардык. Сурасак, “Менден көрбөгүлө, мен күнөөлүү эмесмин, мен эч нерсе билбейм” деп туруп алды. Каримди алып тартип коргоочуларга бардык. Орус жарандыгы болгону үчүн Каримди тартип коргоочулар башка бөлмөгө алып кетишти. Алар эмне жөнүндө, кандай сүйлөшкөндөрү жөнүндө маалыматым жок. Бирок Карим аларга акча сунуштаганбы же башкабы, кыскасы, алардын оозун жаап койгонун байкадым. Тартип коргоочулар агамдын издөөсүн уланта беришерин айтып Каримди сыртка чыгарып жиберишти.

“Силердин үстүңөрдөн жазам, Карим күнөөлүү, сураштыргыла” десем милиция кызматкерлери мени кемсинтип, камап салышты. Мени да өлтүрүп же болбосо бир нерсе кылып коюшат деп, ал жерден эптеп чыгып кетүүнүн айласын издедим. Макул мен үстүңөрдөн жазбайм десем да коё беришпеди. Ыйлап жалынсам да болбойт.

Жок дегенде (ред. убактылуу кармоочу) он беш күндүк камактан агамды сураштырып издеп таап бергиле деп жалындым. Бир кызматкер боору ачыгандыктанбы, айтоор сурап, жок экендигин айтты. Анан моргдордон сураштырып берүүсүн өтүндүм.

Моргдон сурашканда, азият келбетиндеги бир адам бар экендигин айтышты. Сүрөттөп бергенине караганда, ошол менин агам экендигин сездим.

Кыргыз консулдугундагы азап

Ошентип моргго жеттим. Бөйрөгүнө чукул темир сайылган, аябай каттуу токмоктошкондугунан денеси көгөрүп кеткен, анан кара куш мээсин оюп салышкан экен.

Байкемди моргдон алып чыгып кеткени акча таппай кыйналдык. Консулдукта баштан өткөргөн төрт сааттык оор кырдаалды эсепке албаганда, негизинен алар мага чоң жардам беришти.

Адегенде, консулдукка кандай иш менен кайрылып барба, эшиктен эле артыңа кайтарып жолуңа түшүрүшөт. Мен шалдырап, аргам калбай, же орусча жетик билбейм, акыры билген сөздөрүм менен суранып жатып, консулдуктагыларга арманымды угуза алдым. Орусча түшүндүрө албаганымдын себеби консулдуктун күзөтүндө бүт орус жарандары турат экен.

Агамдын документ иштери менен мага билетти Екатеринбургдагы кыргыз консулдугу алып берди. Өлүк денени Кыргызстанга алып келиш кыйын болду. Себеби учакта алып келиш кыйын экен.

Жүк-200

Аба майданында элдер көрбөсүн деп үч саат эрте келгиле деди. Айткан убакта бардык. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Оштон Екатеринбургга учак учпай калыптыр. Он алты саатка кармалды. Жанымда бир туугандарым же тамак жебей, же көңүлдөрү ачылбай 20 сааттай эч нерсе жебей учагыбызды күтүп олтурдук.

Учагыбыз келип конду. Бир туугандарым ар кимиси учактын ар кайсы жайынан орун алдык. Жанымда олтурган киши “мен дайыма самолётто учам, Орусияга адам ташып иштейм” деп сүйлөп жатканын эстейм. Анан бир маалда “бул самолёт кырсыкка учурайт, же Казакстанга конобуз, же болбосо артка кайтабыз” деп жатыптыр. Эмне болгонун билбейм, чындыгында, Ошко туура учушу керек болгон учагыбыз Ошко жетпей, Бишкекке кондук.

“Сиздер аман-эсен Манас аэропортуна келдиңиздер, кабатыр болбой багаждан жүктөрүңүздөрдү алыңыздар. 15 мүнөттөн соң Ошко учасыздар” деди.

“Менде жүк-200 бар, кантемин” десем, “аныңыздан кабатыр тартпай, каттоодон өтүңүз, биз аны элдер чыгып болгон соң самолётко алып чыгып коёбуз” деди. Эмне үчүн Ошко бара турган учагыбыз Бишкекке конду, анын чоо-жайын сураштырганга да чамам болбоду.

Ушунча кыйынчылыктардан соң Ошко кондук. Кечинде үйгө барсак ызы-чуу.

Агамды өлтүргөн азыр эркиндикте

Так эсимде жок, бирок агамдын денесин алып келгенге көп эле каражат кетти. Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандары, башка улуттун өкүлдөрү да акча каражаты жагынан жардам беришти. Албайын десем, айла жок, акчага муктажмын, алууга туура келди. Мага жардам бергендерге ыраазычылыгымды билдирем.

Милиция кызматкерлери “кокустук болуптур, өзүңөр чечишип алгыла” деп Каримге эч кандай чара колдонгон жок. А Карим болсо өз ара сүйлөшкөнүбүздө өлтүргөнүн мойнуна алды бирок, эмнеге өлтүргөнүн, кимдер менен өлтүргөнүн айтпай койду.

Байкемди өлтүргөн Карим камалмак турсун эркин басып жүрөт. Кайра барып сотко берем десем, “болор иш болду, Кудай өзү жазасын берет. Эң кенже уулубуз сен болсоң, сени да өлтүрүп салбасын. Кой, балам, тынч эле жүрөлү” деп ата-энем көнбөй койду.

Каримдин орус жарандыгы болгондуктан, ага жан тартышты. Мен анын тиешелүү жазасын алышы керектигин айтып, акырына чейин туруп иш жүзүнө ашырамын деген ичимдеги чоң күйүтүм арман бойдон калды.

Жардам бергендерге ыраазычылык

“Сен мындай иш кыла турган болсоң, Орусияга барбайсың. Сени да жок кылып жиберишет” деп ата-энем каршы болушту. Агамдын өлүк денесин Кыргызстанга жеткирүү менен жүгүрүп жүрүп, өзүмдүн башка буюмдарым жана документтерим калып кеткен болчу. Жок дегенде барып, ошол документтеримди алганча бир аз иштеп келейин деп, ата-энемдин ыраазычылыгын алдым да кеттим.

Бардым, ошол эле мурдагы иштеген дүкөндө сатуучу болуп иштедим. Ишим жакшы болду, мага жардам бергендерге кан чыгарып ыраазычылыгымды билдирдим.

Ата-энем кыжаалат болуп “кел, качан келесиң” дей беришти. Беш ай жакшы эле иштедим. Анан документтеримди алып кайра Кыргызстанга келе бердим.

Ата-энемдин сөзүнөн чыга албай азыр Кыргызстанда жүрөм. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, мен да элдей болуп Орусияга барып, акча таап келсем дейм.

Автор: Акмарал Биймурзаева жана Мурат Ике
Сүрөт ээси flickr колдонуучусу SabineausL жана окуяга тиешеси жок.