Ысык-Көл облусу: Токтоян айылына дарыкана керек

Токтоян кыштагынын жашоочулары сыркоолоп калганда дары-дармек үчүн жергиликтүү дүкөнгө баш багышат. Керектүү дарысын таба албай калса, аргасыздан оорусуна чыдап кайра үйүнө барууга же 40 чакырымдан алыс аралыкта жайгашкан район борборуна барууга мажбур болушат.

Бир нече күн мурун 17 жашар Кемел Эмил уулу тиш оорусунан улам дары-дармек издеп айылындагы дүкөнгө барган. Керектүү дарысын таба албаган соң оорусуна чыдоого аргасыз болгон. Көп өтпөй ага атайын медициналык каражаттар менен дарылангандын ордуна тишин жулдуруп салууга туура келген.

“Үч күн катары менен тишим ооруган. Дары алайын десек дарыкана жок, дүкөнгө барсак же ал жерден дары таппайсың. Шаарга баралы десек ал да алыс. Анан коңшу айылга барып тишимди жулдурууга туура келди”,-деп айтып берди өз окуясын айыл тургуну Кемел Эмил уулу.

Кемелдин үй-бүлөсүнүн унаасы жок болгондуктан ал тишин жулдуруш үчүн 10 чакырымдай алыстыкта жайгашкан коңшу айылга жөө барып келген.

Токтояндын дагы бир тургуну Гүлжан Нуркасым кызы тамагы ооруп, дүкөндөн дары сатып алып ичкени менен ал оорусуна жардам бербей кайрадан кыйналганын айтат.

“Айылдын баары эле дарыкананын жоктугунан ушул дүкөндөн дары алып ичишет. Атайын дарыкана болгондо адистер кеңешин айтып дары сатып алмакпыз. Дүкөндө антип кеңеш айтышпайт”,-деген оюн айтты Гүлжан Нуркасым кызы.

Айылдагы дүкөндө керектүү дары табылбай калса, анда районго барууга туура келет. Айыл менен райондун аралыгы болсо 40 чакырымдан ашат.

Эгерде дарынын баасы 50 сом болсо, анда районго барып аны алып келүү үчүн жол кире менен 200-300 сомум кетип калат, деп кошумчалады Гүлжан.

Айыл башчысы Айбек Алмабековдун белгилешинче, Токтоянга дарыкана курулбай калгандыгынын себеби бул кыштак район борборунан узак жайгашкан.

“Айылдагы дүкөндөрдө дарылардын баасы Каракол, Түптөгү менен бирдей, атайын текчелерде сатышат. Дарыкана ачалы деген планыбыз бар, ФАП менен сүйлөшүп жатабыз”,-деп түшүндүрдү Айбек Алмабеков.

wpid-17082013007Айылдын бир жарым миңден ашык жашоочуларынын ден соолугун жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) өз мүмкүнчүлүгүнө жараша текшерет. Келген оорулуунун илдетин аныктап ага ийне сайып, же дары жазып берет, же болбосо аны райондук ооруканаларга жиберет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти бул маселе тууралуу кайрылганыбызда жеткиликсиз болуп чыкты.

Дары-дармек менен камсыздоочу жеке компаниялардын биринин өкүлү бизге берген маегинде дарыкана салуу үчүн ошол жайдын калкы төрт миңден ашуусу керек, деп билдирди.

“Бул биздин колубуздан келбей турган жумуш. Себеби биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында дары менен камсыздоо департаменти бар. Ал бөлүм бизге көрсөтмө берет, [...] анан ошол боюнча иштейбиз”,-деп айтты “Неман-фарм” компаниясынын жетекчиси Мырзабек Асанканов.

Айыл тургундары бир илдетке кабылса медициналык дары-дармектерден сырткары дары чөптөр менен да даба тапкан учурлар кездешет.

Гүлназ Сарыбаева аш казаны ооруп дүкөндөн дары таппай чөп менен дарыланган.

“Аш казаным ооруган, дүкөндө дары-дармек табууга такай деле мүмкүнчүлүк жок. Анан чөп дары колдонуп [айыккамын]”,-деди айыл тургуну Гүлназ.

Автор: Жеңиш Таштанбек уулу жана Мурат Ике
Сүрөт: Жеңиш Таштанбек уулу