Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнөн улам Бишкек-Ош унаа жолунун тайгак болушу күтүлүүдө

19-21-ноябрь күндөрү Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлүүдө. Метеорологдор бул күндөрү Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочуларды катаал сыноо күтүп турганын айтып жатышат.

19-ноябрь күнү карга айланган жаан башталат, а 20-ноябрда кар жаайт. Бул тууралуу Kloop.kgге Кыргыз гидрометеорология борборунан билдиришти.

Метеорологдордун айтымдарында, Кыргызстандын бардык аймактарында суук болот.

Анын ичинде өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган Бишкек-Ош унаа жолунда «катаал аба ырайы» күтүлөт.

«Кардын калың жаашы, кар күрткүлөрү менен жолдун тайгак болушу күтүлүүдө, ошондой эле айлана-чөйрөнүн ачык көрүнбөй калышы орун алып суу кардын жабышуусу болот», — деди Kloop.kgге метеобожомол  бөлүмүнүн жетекчиси Махбуба Касымова.

Метеорологдордун маалыматтары боюнча, алыскы аймактарда абанын температурасы күндүзгүсүн -5ке чейин, түнкүсүн -10 градуска чейин төмөндөйт.

«Погода и климат» сайтына ылайык, Бишкекте абанын температурасынын төмөндөшү 21-ноябрь күнү эртең менен башталат — термометрдин көрсөткүчү -1 градуска чейин төмөндөйт.

Би-би-синин божомолдоосу боюнча, Бишкекте төмөнкү температура эң аз дегенде жума күнгө чейин кармалып турат, андан кийин күн жылып баштайт.

Учурда борбордогу абанын температурасы +15 градуста кармалып турат.

Автор: Дильшад  Камирдинов