Бейтапканага муктаж жаңы конуш тургундарынын көйгөйү чечилди

Ош шаардагы Жибек-Жолу кичи районунда фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулууда. Буга чейин конуш тургундары шаарга каттап дарыланышкан. Курулуш бейөкмөт уюму жана шаар мэриясы тарабынан каржыланууда. Ушул ай ичи курулуш иштери бүтөрү күтүлүүдө.

Жибек-Жолу кичи районунун түшкөнүнө 5-6 жылдын жүзү болсо да, эч кандай социалдык мекемелер жок экенин айтат жергиликтүүлөр. Бейтапкананын жоктугунан жана коомдук транспорттун каттабагандыгынан оорулуулар  бейтапканага жеткенче кыйналып калышарын айтат айыл тургуну Саадат Чонтоева.

Саадат Чонтоева
Саадат Чонтоева

«Тургундар шаардын ар поликлиникаларына катталган. Ооруп башка жакка барсак, кээде кабыл албайт. Бизде кыйынчылыктар көп болот»,-деди С.Чонтоева.

Аймактык кеңештеги бул маселени чечүү үчүн аялдар кеңешинин активисттери Евразия өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, утуп алганын айтты аймактык кеңештин жооптуу катчысы Фарида Сайназарова.

Фарида Сайназарова
Фарида Сайназарова

«Бизде эч кандай шарт жок. Таза суу жоктугунан оору көп болот. Шаардагы  №2 поликлиникага барабыз. Жолубуз алыс. Негизги жолдон айыл ичине жол узак. Транспорт да каттабайт. Тез жардам чакырсак келбейт. Шаарга алып баруу кыйындыкты жаратат»,-дейт Ф.Сайназарова.

Курула турган ФАП 3 бөлмөлүү болот. Учурда усталарга конуштун тургундары мөөнөттөшүп тамак-аш алып келүүдө.

Аймактык оорукананын жоктугунан көпчүлүк  балдар эмдөөдөн өтпөй келет. Курулуп жаткан ФАП ишке кирсе, айыл тургундарына шарт түзүлөрүн айтты кварталдык комитеттин башчысы Мамыт Абдыхалилов.

Мамыт Абдыхалилов
Мамыт Абдыхалилов

«Конушта жашаганыбызга 6 жыл болуп калды. Эч кандай социалдык обьект жок. Шаарда ооруканаларга барсак, «направление жаздырып келгиле» дейт. Көпчүлүгү райондордон көчүп келгендер. Ооруканаларда катталган эмес. Дарылануу кыйын болуп калат»,-дейт М. Абдыхалилов.

Евразия өнүктүрүү фондунун өкүлү Мээрим Асанова Ош шаарында интенсивдүү топто 11 аял бар экенин, алар өздөрүнүн аймагындагы көйгөйлөрүн алып чыгышаарын билдирди.

Мээрим Асанова
Мээрим Асанова

«Фарида Сайназарова биздин топто иштейт. Булар бизге ФАП куруу боюнча долбоор жазган. Бизден 9 миң АКШ доллары бөлүндү. Мэриядан 155 миң сом, тургундар 20%ын б.а. 86 миң сом топтошкон. Ал эми шаардык кеңештин депутаты У. Примов өз каражатынан 30 миң сом бөлүп берди. Жалпысынан 200 миң сомдон ашык каражат топтолду»,- дейт М. Асанова

Жибек-Жолу  кичи районунда 3 квартал бар, 3 миңдей калк жашайт.

Автор: Динара Жеңишбек кызы

Сүрөт автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева