Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсык: 8 киши каза болуп, 23ү жаракат алышты [14:44тө жаңыланды]

Маршруттук автобус менен «Хонда» үлгүсүндөгү унаанын сүзүлүшүнөн улам 8 киши каза болуп, 18и  жаракат алышты.

Кырсык 17-ноябрь күнү кечинде Бишкек-Торугарт унаа жолунун Чүй облусунун Кемин районундагы бөлүгүндө болгон. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн — жыйынтыгында 8 киши каза болуп, дагы 23ү түрдүү жаракаттарды алышты.

Милициянын версиясы боюнча, жол кырсыгынын келип чыгышына «Хонданын» айдоочусу күнөөлүү болгон — ал каршы тилкеге чыга калган. Күбөнүн тартып алган сүрөттөрүнө караганда сокку өтө катуу болгон, андан улам «Хонда» экиге бөлүнүп кеткен.

Азырынча каза болгондордун аты-жөндөрү белгисиз.

Алгач 18 адамдын жарат алгандыгы кабарланып жаткан, бирок милициянын акыркы маалыматтары боюнча, алардын саны 23 кишиге чейин өскөн.

Жаракат алгандардын жаңыланган тизмеси:

  1. Гүлзат Жаркынбаева, 1986-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Сай айылында жашайт;
  2. Азамат Жумабаев, 1987-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну;
  3. Жылдыз Саматова, 1984-жылы туулган, Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда жашайт;
  4. Эрназар Ракымзаков, 2011-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая поляна айылында жашайт;
  5. Бермет Өмүрбекова, 1991-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая поляна айылынын тургуну;
  6. Назик Иманалиева, 1989-жылы туулган, Ош облусунун Алай районундагы Коруу айылынын тургуну;
  7. Малика Аттокурова, 2012-жылы туулган, Ош облусунун Алай районундагы Коруу айылында жашайт;
  8. Өзбек Иманалиев, 1961-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Сары-Талаа айылынын тургуну;
  9. Бек Өзбек уулу, 1994-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Сары-Талаа айылында жашайт;

10.Чынаркүл Талканбаева, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Сары-Талаа айылынын тургуну;

11.Канат Ажыбеков, 1984-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын тургуну;

12.Махабат Искакова, 1986-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын тургуну;

13.Алексей Кудатенов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жашайт;

14.Айжан Сарыбаева, 1979-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында жашайт;

15.Бегимай Жумадылова, 2006-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында жашайт;

16.Марсел Жумадылов, 2004-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында жашайт;

17.Алмазбек Жунушов, 1981-жылы туулган. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургуну;

18.Алтынбек Табалды уулу, 1990-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында жашайт.

19. Кубатбек Курманбек уулу, 1992-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун тургуну;

20. Николай Клепов, 1990-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун жашоочусу;

21. Ислам Канатбек уулу, 2008-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Керге-Таш айылында жашайт (Балыкчы шаарындагы ооруканага жаткырылды);

22. Махабат Аскерова 1986-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

23. Коля Исюпов 1990-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун тургуну.

Сүрөттүн автору: Ярослав Тартыков