Коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агент» статусун ыйгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Нуркамил Мадалиев өзүнүн документин талкуулоо боюнча өтүп жаткан коомдук угуунун ортосунда чыгып кетти. Анын айтымында, буга «диалогдун жоктугу» себеп болгон.
Мадалиев өзүнүн коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча талкууга аягына чейин катышкан жок, иш-чара 18-ноябрь күнү Бишкекте өттү.
Коомдук угуунун жүрүшүндө депутат иш-чаранын катышуучулары тарабынан анын мыйзам долбоору сынга алынып баштаганда залдан чыгып кетти. Эл өкүлүнүн ал мыйзам долбоорунда чет элдик каржылоодогу коммерциялык эмес уюмдарга «чет элдик агент» статусун ыйгаруу сунушталган.
Мадалиев Kloop.kgге берген маегинде бул кадамын коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен анын ортосунда диалогдун «болбой калгандыгы» менен түшүндүрдү.
«Мен БУУнун, ЕККУнун жана Венеция комиссиясынын расмий өкүлдөрүн угуп, алардын пикирлерин билдим, калгандарынын көз караштары мага түшүнүктүү болду. Анан мен диалог болбостугун түшүндүм», — деди ал.
Депутат коммерциялык эмес уюмдар анын идеясын «жалпыланган түрдө» айтып жаткандыктарын билдирди.
«Коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү айтып жаткан аргументтерде биздин мыйзам долбоорго конкреттүү көрсөтүлгөн шилтемелер жок. Алар жалпыланган түрдө айтып жатышат, демек, аргументтештирилген сүйлөшүү болбойт», — деди ал.
Ошентсе да мыйзам долбоорун талкуулоо Мадалиев чыгып кеткенден кийин улантылды.
Мыйзам долбоорунун экинчи демилгечиси депутат Турсунбай Бакир уулу угууларга таптакыр эле келген эмес.
«Жаш баладай таарынуу»
Депутаттын өзүнүн мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча угуунун ортосунда чыгып кетиши иш-чаранын катышуучуларынын нааразычылыктарын жаратты.
Депутат залдан чыгаары менен анын артынан кубалап жетүүгө аракет кылган «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Kloop.kgге берген маегинде Мадалиев иш-чаранын катышуучуларына «таарынып калганын» билдирди.
«Ал жаш балдарча менин айткандарыма таарынды. Мага убактысы аз болгондугун айтып, бизге убакыт бөлүп берген, а биз болсо аны колдобостон бири-бирибизди колдогонбуз», — деди ал.
«Адам укуктары жана демократия» коомдук фондусунун төрагасы Идрис Кубатбеков депутат талкуунун аягына чейин катышышы керек болчу деп эсептейт.
«Анын иш-чаранын башында кетип калышы — туура эмес. Депутат жана мыйзам долбоорунун демилгечиси катары ал аягына чейин калып, бардык жакшы жана жаман жактарын угушу керек болчу», — дейт Кубатбеков.
«Чет элдик агенттер»
Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгу мыйзам долбоорун депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиевдер демилгелеп чыгышкан.
Алардын идеясы боюнча, «чет өлкөлөрдөн каржыланган» коммерциялык эмес уюмдарга чет элдик агент деген стату ыйгарылат — буга чейин буга окшогон мыйзам Орусияда кабыл алынган жана депутаттар Москвадагы кесиптештеринин идеясын көчүрүп алышкан деген сындарга кабылышкан.
Буга чейин Бакир уулу Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбоорунун максаты коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу болуп эсептелээрин айткан.
Бирок Орусиядан айырмаланып, агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоору бийлик өкүлдөрүнүн, анын ичинде президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосун тапкан жок.
Атамбаев күз айларынын башындагы Брюсселге болгон расмий иш сапары учурунда Кыргызстанга агенттер жөнүндөгү мыйзамдын кереги жоктугун билдирген.
«Бизде белгилүү бир уюмдар тарабынан каржыланып, алардын тапшырмасын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдар бар. Чындыгында бул туура. Мындай практика АКШда да, Россияда да бар. Бирок бизге баары бир андай мыйзамдын кереги жок деп ойлойм», — деп жазган анда «АКИпресс» маалымат агенттиги президенттин айткандарын.
Эл аралык укук коргоочу «Фридом Хаус» уюму да мыйзам долбооруна каршы чыккан.
Юстиция министрлигинин маалыматтары боюнча, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 10 миңден ашык коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.
Автор: Улан Мырза