Сот «Альфанын» айыпталып жаткан аскерлери тарабынан чогултулган 2010-жылдагы революция тууралуу видеону көрүп баштады

Аскер соту «Альфа» атайын бөлүгүнүн сот жообуна тартылып жаткан аскерлери тарабынан чогултулган 2010-жылдагы апрель революциясы жөнүндөгү видеону көрүп баштады. Айыпталып жаткандардын пикирлери боюнча, анда атайын кызматтагылардын күнөөсүз экендигинин далилдери топтолгон.

2010-жылдагы революция боюнча кезектеги сот отурумунда сот жообуна тартылып жаткандардын видеоматериалынын биринчи бөлүгү көрсөтүлдү.

Экинчи бөлүгү 19-ноябрга белгиленген кийинки отурумда көрсөтүлөт.

Бул видеоматериалдар менен айыпталып жаткандар менен алардын жактоочулары 2010-жылдагы апрель революциясы маалында тынч элге ок атпагандыктарын жана митингчилерден курал-жарактарды таштап качпагандыктарын далилдөөгө аракет кылып жатышат.

Революция тууралуу видео көрсөтүлүп жатканда айыпталуучулар менен алардын жактоочулары агрессияны митингчилер «Альфа» бөлүгү келгенге чейин эле баштагандыктарына өзгөчө көңүл бурушту.

«Биз андагы убакытты жана кайсыл жерде болгондугун көрсөтөлү дедик. Биз башаламандыктын «Альфа» келгенге чейин эле башталганын көрсөткүбүз келди. Сыягы ал жөн жерден чыккан жана тынчтык митинги болбосо керек», — деди айыпталып жаткан «альфачылардын» жактоочусу Эрке Салиева.

Жактоочу тарап сот менен отурумдун катышуучуларынын көңүлүн аскердик ок-куралдар менен турган митингчилерге каршы укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан курал колдонулбагандыгына өзгөчө бурду.

«Биз барганга чейин эмне болгонун көрдүк — бир нече автобус талкаланып, жарандык унаалар өрттөлгөн. Биз барганга чейин эле башаламандыктар болгон. Мына азыр бул видеодо — биздин бөлүк. Жаңы келдик», — деди «Альфа» бөлүгүнүн сот жообуна тартылып жаткан кызматкери Сергей Цигельников.

Ошондой эле видеонун жардамы менен айыпталуучулар демонстранттар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин аларга куралдарды берүүгө мажбурлагандыктарын далилдөөгө аракет кылышты — тасмада «Альфанын» куралдар жүктөлгөн унаасынын күйүүчү май куя турган жерине митингчилердин от тутандырып жаткандыктары көрсөтүлдү.

Цигельников видеодогу сүрөттөлүштөрдү баяндап берип жатып митингчилер Ак үйдүн тосмосун биринчи жолу сүзгөндө аларга эч ким тоскоолдук кылбагандыгына көңүл бурууларын өтүндү.

Видео көрсөтүлүп жатканда жабырлануучу тараптын өкүлдөрү улам-улам видео жасалма болушу мүмкүндүгүн айтып жатышты.

Убакыттын жетишсиздигинен улам отурумдун катышуучулары «альфачылар» тарабынан чогултулган видеоматериалдардын баарын көрө алышкан жок. Анын калган бөлүгү кийинки отурумда көрсөтүлөт.