Апрель революциясы боюнча сот: Электр жарыгы өчүп калгандыктан «Альфанын» видеосун аягына чейин көрө алышкан жок

Аскер соту 2010-жылдагы революция боюнча соттук процесстин кезектеги жыйынында да «Альфа» атайын бөлүгүнүн аскерлери тарабынан чогултулган видеоматериалдарды аягына чейин көрүүгө жетишпей калды. Бул жолкусунда ага залдагы электр жарыгынын өчүп калышы себеп болду.

2010-жылдагы революция тууралуу иш боюнча кезектеги соттук отурум 19-ноябрда Кайтаруу жана коштоп жүрүү департаментинде өттү.

Анда сот «Альфа» бөлүгүнүн аскерлери тарабынан жыйналган видеоматериалдарды көрүп бүтүшү керек болчу. Айыпталып жаткан “альфачылар” видеодогу кадрлар алардын 80 кишинин өлүмүнө күнөөлүү эместигин далилдейт деп эсептеп жатышат.

Бирок электр жарыгынын өчүп калгандыгына байланыштуу видеону көрүүнү токтотууга туура келди. Отурумду 20-ноябрга жылдыруу чечими кабыл алынды. Болжолдуу түрдө видеонун дагы 15-20 мүнөттүк көрүлө элек бөлүгү калды.

Бул сот жообуна тартылып жаткандар тарабынан жыйналган видеоматериалдардын экинчи бөлүгү болчу. Биринчи бөлүгүн процесстин катышуучулары соттун 18-ноябрдагы отурумунда көрүп бүтүшкөн.

Видеонун экинчи бөлүгүн көрүп жаткан маалда айыпталып жаткандар революция күнү «Ала-Тоо» аянтынын айланасындагы имараттар менен Тарых музейинин чатырларында адамдар болгондугун жана алардын снайперлер болушу ыктымалдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Бирок жабырлануучу тараптын өкүлдөрү ал жакта эч ким болбогондугун айтып туруп алышты.

Адамдарбы же бактарбы?

Соттун жүрүшүндө жабырлануучу тараптын жактоочусу Чолпон Байбачаева иштин материалдарына Тарых музейинин имаратына жакын жайгашкан Кыргызстан Элдеринин ассамблеясынын жетекчилигинин 2010-жылдын 7-апрелинде алардын имаратынын чатырында эч ким болбогондугу жөнүндөгү расмий жообун тиркеп коюууну өтүндү.

Буга чейин ал сотко Тарых музейинин, Профсоюздар үйүнүн жана «Илбирстин» имаратында эч ким жок болгондугу тууралуу ушундай эле документтерди көрсөткөн болчу.

Бирок «альфачылар» топтогон видеодо революция маалында Ассамблеянын имаратынын чатырында адамдардын болгондугу так  көрүнүп турат.

«Тигил Ассамблеянын имаратындагы эмне болгон адамдар? Мындай жоопко [Ассамблеянын алардын имаратынын чатырында эч ким жок болгондугу тууралуу жообуна] кантип ишенсе болот?», — деп суроо салды судья видеодо Ассамблея имаратынын чатырындагы адамдарды көргөндөн кийин.

Судья анда эки адамдын сөлөкөтүн көрдү, бирок жактоочу Осунбек Жамансариев алар бактар экенин айтып, ынандырууга аракет кылды.

«Альфа» атайын бөлүгүнүн сот жообуна тартылып жаткан кызматкери Сергей Цигельников да соттун көңүлүн «Илбирстен» анча алыс эмес жайгашкан имаратта адамдардын болгондугуна бурду. Ал алар снайперлер болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Ал өңүт снайперлер үчүн ылайыкташтырылган. Анын жанында шериги бар болуш керек. Снайперлер жалгыздап иштешпейт. Ал жакта мылтык үчүн тирөөч жана снайпер мылтыгы үчүн чехол бар», — деди Цигельников чатырдагы адамдар тартылып алынган видеокадр боюнча түшүндүрмө берип жатып.

Ал жабырлануучу тараптын жактоочулары алып келген документтердин арасында ал имараттын жетекчилигинин да чатырында эч ким жок болгондугу тууралуу жообу бар экенин кошумчалады.

«Ал имарат боюнча да документтердин алынып келингендигине көңүлүңүздөрдү буруп коюңуздар. Анда да ачкычтын эч кимге берилбегендиги жана чатырда эч ким жок болгондугу тууралуу айтылган», — деп кошумчалады «альфачы».

Автор: Александра Ли

Сүрөттө: Апрель революциясы боюнча соттун 2011-жылдын март айындагы отуруму