Менчик бала бакчанын төлөмү чөнтөгүңүзгө чак келеби?

Бүгүнкү күндө бала бакчага болгон суроо талап көп. Ош шаарында 31 муниципалдык жана бир нече жеке менчик бала бакчалар бар. Бирок, бул шаар калкын толук түрдө камсыз кылбайт. Бала бакчанын жетишпестигинен улам кээ бир мекемелер кызматкерлеринин балдары үчүн бакчаларды курууда.

Ош мамлекеттик университетинин мугалими  Махабат Мамырованын  бакчага бара турган эки баласы бар. Ал балдарын мектепке даярдай турган бакчага берүүнү каалайт. Бирок мугалимдердин балдары үчүн курулган бала бакча үчүн төлөм бир аз жогору экендигин айтат.

Махабат Мамырова
Махабат Мамырова

«Биз жаш үй–бүлөбүз. 5 балабыз бар. Мектеп жашына жете элеги экөө. Аларды университеттин «Зирек» балдар бакчасына берейин деп жатам. Мурунку жылы маянам 8 - 8,5 миң сомду түзчү. Быйыл канча чыгарын билбейм. Эсептесем, айына эки балама эле 7 миң төлөп калат экенмин. Чын-чынына келгенде, төлөм акысы бир аз жогору»,- дейт Махабат айым.

Бул пикирди кесиптеши Чынара Абдиева да тастыктады.

«Менин 1 кызым бар, өзүбүздүн балдар бакчасына берейин десем кымбат болуп жатат. Бир аз арзандатса жакшы болмок. Айлык маянам 5 миң сом. Анын 3,5 миңин бакчага берип калат экенмин. Эми бакчага берсемби  же бербей эле койсомбу деп ойлонуп жатам»,-дейт Чынара.

Токтайым Умурбекова
Токтайым Умурбекова

ОшМУнун алдында түзүлгөн мектепке чейинки балдарды тарбиялоо мекемесинин директору Токтайым Умурбекова  балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн, мугаламдерге жеңилдиктер бар экендигин белгиледи.

«Биз жакында эле ачылдык. Бүгүнкү күндө 15 бала кабыл алынды. 4 тайпага ылайык бардык жабдуулар бар.  Негизинен 3 -6 жашка чейинки балдарды кабыл алабыз. Аларга 3 тилде сабактар өтүлөт. Мындан сырткары музыкант, хореографтар да бар.  ОшМУнун кызматкерлерине жеңилдиктер көрсөтүлгөн. Сырттан келген балдарга айына 4 миң сом, ал эми университет кызматкерлерине 3,5 миң сом»,-дейт Т.Умурбекова.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыкалык Акжолов өткөн жылдарга салыштырмалуу бала бакча маселеси жөнгө салынып калганын айтат.

Ички сурот

Абдыкалык Акжолов
Абдыкалык Акжолов

«Бүгүнкү кундө Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 31 бала бакча бар. Анын 27си мамлекеттики, калганын  башка уюмдар, союздан калып кеткен бала бакчалар түзөт. Мындан сырткары козу карындай жайнаган жеке менчик бала бакчалар да бар. Биз алардын мыйзамдуулугун текшеребиз. Шаардагы балдарды бакча менен мыйзамдуу түрдө камсыз кылуу үчүн бизге дагы 11 бакча курулушу керек. Бирок, жеке менчиктер ачылып, чөнтөгү калың, каражаты барлар ошого берип жатышат»,-дейт Абдыкалык Акжолов.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Ош шаарында бала бакчага кезек күткөндөрдүн саны миңдеп саналат. Мамлекеттик бала бакчанын айлык төлөмү 500 сом, ал эми жеке менчиктер 3 миң сомдон 10 миң сомду түзөт.

Автор: Адашгүл Акматова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева     

Сүрөттөр автордуку