Септүү келин болгондон көрө, эптүү келин бол

Кыздын себин жасоочулар буюртма мурункудан азайганын белгилешет. Заман талабына жараша азыр сепке үй эмеректери жана тиричилик техника буюмдары алынып жаткандыгы айтылат. Кызга берилүүчү жөнөкөй эле сепке жок дегенде 50 миң сомдон көп каражат кетет.

Ош шаарынын тургуну Роза Кадырова 6 ай мурун турмушка чыккан. Анын себине ата-энеси 6 жуптан жууркан-төшөк, жаздык, үй эмеректерин жана идиш-аяктарды кошуп  берген.

Роза Кадырова
Роза Кадырова

“Сеп – ар бир жаш үй-бүлө үчүн чоң жардам деп эсептейм. Бул мурунтан бери адат болуп, бүгүнкү күнгө чейин жетти. Заманга карап көбүрөөк жана кымбаттыраак болуп өзгөрүп барууда. Берилген калыңдын үстүнө дагы кошулуп жасалат. Септин жакшысын 50 миңден 200 миңге чейин жасаса болот”, - дейт Роза.

Санжар Заиров
Санжар Заиров

Эки жыл мурда үйлөнгөн Санжар Заиров келинчегинин себине үй эмереги, чаң соргуч,  20 чакты көрпө-төшөк жана кийим-кече берилгенин айтат. Күйөө тарап калыңга деп 70 миң сом жана 8 кой берген. Анын эсебинче, кыздын себи калыңдан көбүрөөк болгон.

“Сеп – кыздын абийири. Ата-бабаларыбыздан уланып келаткан салт.  Азыр заманбап болуп өзгөрүп баратат. Көбүнчө үй эмеректерин берип калышты го. Азыр калыңга акча берүү менен эле чектелип калбайт. Күйөө тарап 2-3 кой, тойго керектелүүчү каражаттарды да алып берет. Септи кыздын ата-энеси кыйналбаш үчүн берет деп ойлойм”, - дейт Санжар.

“Келечек” базарындагы сеп жасоочу жерде 3 жылдан бери иштеп келген  Назира Исмаилова төшөк-жууркандарга буюртма азайып калганын айтат.

тошоктор

“Бизде сепке керектелүүчү нерселерден үй эмеректеринен башканын баары бар. Мурун жууркан-төшөккө көбүрөөк заказ келет  эле. Эми болсо эмерек, одеял, сүлгү, жаштарга керектүү нерселерди алып калышты”, - дейт Назира.

Анын айтымында кыздын себин 1 аптада жасаса болот. Орточо делген септи жасоого 100 миң сомдон көп каражат кетет. Жакшы жасай турган болсо, мындан эки эсе көп кетет.

“Кыздын себине 6-8 жуп жер төшөк, 12 даана жакандоз, 6 көрпө, 4-6 жаздык жасалат. Бир төшөктү тигүү 60-70 сом. Бул жаштар үчүн чоң жардам. Аны колдонушат, керектешет. Эки жаш жаңы турмуш кургандан кийин андай нерселерди алууга акчасы жок болушу мүмкүн, же эмне керек болорун билбеши мүмкүн. Бул – салтка айланган. Ошондуктан сеп берүү салты жок болуп кетпейт деп ойлойм”, - деди Назира.

каражаттар

Ош шаарындагы этнограф Абдымиталип Мырзакметов  септи заманга жараша берүү керектигин айтат. Анын айтымында, мурда идиш-аяк, төшөк, кийим-кечеге басым жасашчу,  азыр заманга жараша кир жуучу машине, чаң соргуч, муздаткыч эмеректерди берип калган.

«Септи ата-эне кызы кыйналып калбашы үчүн керектүү буюмдарды берет. Мурун байлар себине кулдарга чейин беришчү. Жаңы жерге барганда кызына жумуш кылдырбай, кулдарды иштетчү. Азыр болсо, бул иштерди техника аткарып калды. Учурда баары эле тойго көп акча кетирип коюшат. Машинесине, ресторанга, ойноткону. Менин оюмча аларга кеткен каражаттарды өздөрүнө эле керектелүүчү нерселерди алганы оң. Анткени бир күндүк коротуудан кийин акча жактан кыйналып калышы мүмкүн ”, - дейт А.Мырзакметов.

Этнограф белгилегендей, уул үйлөгөнгө караганда кыз берүү кыйыныраак болуп баратат.

“Септи калыңга жараша берүү туура эмес деп ойлойм. Калың – бул кызды сатып алуу эмес, кыздын ата-энесине болгон ыраазычылык. “Дос – жүз жылдык, куда – миң жылдык” деген сөз бар. Сепсиз келген аялзатына жаман мамиле кылгандар да болот. “Септүү келин болгондон көрө, эптүү келин бол” деген кеп бар. Бул да өтө чоң мааниге ээ”, - дейт Абдымиталип Мырзакметов.

Автор: Назгүл Мадазимова

Сүрөттөр автордуку

Редактор:  Гүлзат  Газиева