Ысык-Көл облусу: Жыл башындагы зилзаладан жабыркаган үй ээси мамлекеттен жардам күтүп жатат

Токтоян айылынын тургуну Асанбай Самаковдун үйү жер титирөөдөн авариялык абалга кептелеген. Ал үйүнүн кызыл китебинен сырткары бардык тиешелүү документтерди даярдап, азыр мамлекеттен жардам күтүүдө. Кызыл китеп ала албагандыгынын себеби - анын үйү айдоого ылайыкталган жер тилкесине курулуп калган.

Токтоян айылынын тургуну Асанбай Самаков бала-бакырасы менен учурда жашаганга шарты начар кампада күн өткөрүүдө.

Анын үйү да январь айынын аягында жүз берген зилзаладан жабыркап, авариялык абалга кептелген.

“Үйүм айдоо жерине курулуп калгандыгы үчүн кызыл китеп берилбейт экен. Азыр эми кызыл китепти кантип алаарымды, эмне кылаарымды билбей жатам”,-деп айтып берди Асанбай Самаков.

Мамлекет жардамын берсе кышка чейин жок дегенде бир бөлмөсүн бүтүрүп алаарын айтат Асанбай Самаков.

Asanbai-2
“Азыр жаш балдарым сыркоолоп турат. Кызыл китеп бербей жаткандыгы үчүн азыр чатак болуп жатат. Коңшуларым менин үйүмдү көрүп жүрөктөрү түшүүдө. Акчасын берсе жок дегенде бир бөлмөсүн бүтүрүп кирмекпиз да”,-деп кошумчалады Асанбай Самаков.

Айылдын дагы бир тургуну Алмаз Эгембердиевдин үйү да ошол эле жер титирөөдөн жарака кетип кооптуу абалга кептелген эле. Жыл башындагы зилзала алып келген ыңгайсыздыктары тууралуу мындайча эскерди.

“Үйүбүздө авариялык абал жаралган соң жанында бир бөлмөлүү там бар болчу, ошол жерде 7-8 киши жашадык. Элден чатыр сурап келип, анда да жашап жаттык”,-дейт Алмаз Эгембердиев.

Азыр Алмаз Эгембердиев мамлекеттин жардамын алып жаңы үйүн курууда. Бирок мамлекеттен эки жүз миң сомдук жардамды толук алып бүтө элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен калган акча каражатын алса, курулушу толук бүтпөй турган үйүн оңдоп кирет элек, дейт ал.

“Жүз элүүсүн алганбыз. Дагы элүүсү дагы деле жок, берсе калгандарын оңдоп-түзөп кирет элек. Суук да болуп калды. Күндө МЧСке чала берип тажап да бүттүк”,-деп айтты Алмаз Эгембердиев.

Зилзаладан жабыркагандар боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп району боюнча бөлүм башчысы Аскат Казакбаев төмөнкүлөргө токтолду.

“Түп районунда жалпысынан ар кайсы категориялар боюнча 320 үй зилзаладан жабыркаган. Кооптуулугу биринчи жана экинчи даражага киргендерге мамлекеттен жардам берилүүдө. Ал эми үчүнчү даражадагыларга жардам кийинчерээк берилет”,-деп билдирди Казакбаев.

Ошондой эле Казакбаев Түп районуна караштуу Токтоян айылынын тургуну Асанбай Самаковдун маселесинен кабары бар экендигин, бирок ага мамлекеттен жардам берилбесин айтып өттү.

“Мыйзамсыз курулуш болуп калгандыгы үчүн ал акчасын ала албайт. Айдоо жеринен курулуш үчүн атайын уруксат кагазын алгандан кийин ага жардам көрсөтүлөт”,-деп түшүндүрдү Казакбаев.

Asanbai-1
Асанбай Самаков үй бүлөсү менен. Бул ортодо ал кыш түшкөнгө чейин мамлекеттен жардамын алуу үчүн керектүү документтерин бүтүрөөрүн айтат.

Автор: Жеңиш Таштанбек уулу жана Мурат Ике

Сүрөт: Жеңиш Таштанбек уулу