Футбол: Кыргызстан 0-0 Азербайжан

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Азербайжан курамасынын ортосундагы Бишкекте өткөн жолдоштук беттеш тең чыгуу менен аяктады.

Командалар беттешти бирдей ыргакта башташты. Бирок биринчи бөлүктүн аягына жакын демилгени Кыргызстандын футболчулары өз колдоруна алышты.

Ошентсе да Сергей Дворянковдун тарбиялануучулары коопту учурларынын бирин да ишке ашыра алышкан жок.

Азербайжандык футболчулар экинчи жарым бөлүктүн соңунда активдүү оюн көрсөтүштү, бирок кыргыз дарбазачысы Павел Матяштын аракеттеринен улам күйөрмандар беттеште бир дагы голду көрө алышкан жок.

Бул беттеш Кыргызстан курамасы үчүн европалык командага каршы оюнунда тең чыгуу жыйынтыгына жеткен тарыхтагы экинчи учур — биринчиси үстүбүздөгү жылдын июнунда, Эстония курамасы менен болгон жолдоштук беттеште катталган.

Кыргызстан азырынча Европа өлкөлөрүнүн курамаларынын үстүнөн бир дагы жолу жеңишке жете элек.

Чакыруу кубогуна даярдык

Бул жылы Кыргызстан курамасы 2014-жылы Мальдив аралдарында өтө турган АФКнын Чакыруу кубогунун финалдык бөлүгүнө даярдануунун алкагында болуп көрбөгөндөй сандагы жолдоштук беттештерди өткөрдү.

Кыргызстан ал мелдештин фаворити болуу менен анда жеңишке жетүүгө ниеттенип жатат. Эгер өлкө курамасы ал мелдешти жеңип алса Азиянын 2015-жылкы биринчилигинин финалдык бөлүгүнө өтөт.

Кыргызстан Чакыруу кубогунун 2013-жылдын жазында өткөн тандап алуу бөлүгүндөгү бардык үч беттешинде тең жеңишке жетип, андан кийин көптөгөн расмий жана расмий эмес жолдоштук беттештерди өткөрдү.

Өлкө футболчуларынын 2013-жылдагы ийгиликтери ФИФАнын рейтингиндеги Кыргызстандын позициясына оң таасирин тийгизди. Эгер команда жыл башында 207 кураманын ичинен 201-орунда турган болсо, учурда 150-орунда.

Автор: Тилек Бейшеналиев